Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Орусияда түрмөдө кургак учукка чалдыккандарды кыйнаган видеолор чыкты


Красноярск шаарындагы түрмөнүн ичиндеги кургак учук диспансеринде тартылган видеодон алынган кадр.
Красноярск шаарындагы түрмөнүн ичиндеги кургак учук диспансеринде тартылган видеодон алынган кадр.

Орусиялык Gulagu.net укук коргоо уюму Сибирде кургак учукка чалдыккандарды дарылаган түрмөнүн ооруканасында болгон делген кыйноолор тууралуу видеолорду жарыялады.

20-декабрда жарыяланган видео Красноярск шаарындагы түрмөнүн ичиндеги туберкулез диспансеринде тартылганы белгиленген.

Видеодо Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү камактагы эки адамга үчүнчүсүн уруп-сабоо үчүн инструктаж берип жатканын көрүүгө болот. Андан соң алар айтылгандардын баарын аткарышат.

Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкиндин айтымында, камактагылардын бири кыйноолор камерага түшүп калбаш үчүн жууркандар менен жапканга аракет кылган.

Ошондой эле укук коргоочу белгилегендей, камерадагы жарыкты да атайын бүлбүлдөтүп коюшат. Камактагылар бири бирин сабап жаткан маалда, абактын кызматкерлери камерага кирип-чыгып турушкан, бирок эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Адам укуктары боюнча кеңеш бул "абактарды текшерүү үчүн президенттин тапшырмасын күтүп жатканын" билдирди.

Gulagu.net долбоору түрмөдөгү кыйноолор тууралуу видеолорду октябрдын башынан бери жарыялай баштаган. Укук коргоочулардын айтымында, аларга Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү кыйноолор тууралуу билип, керек болсо өзүлөрү да аралашканын далилдеген 40 гигабайт видео, фото жана документтер түшкөн. Декабрда Gulagu.net уюмуна Жаза аткаруу кызматынын мурдагы кызматкери дагы 200 гигабайт жаңы архивдердин топтомун өткөрүп берген. Ал көп өтпөй Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Видеолор жарыялангандан кийин тергөө комитети 12 кылмыш ишин козгогон. Кийин президент Владимир Путин Федералдык жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алексей Калашниковду кызматтан алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG