Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Рахмон "эл уюлдук телефонду ашкере пайдаланып жатат" деп сындады


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 26-январь, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 26-январь, 2021-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-декабрда парламентке жасаган жылдык кайрылуусунда калктын уюлдук телефонду «ашкере» пайдалануусуна каршылыгын билдирип, жарандардын байланыш каражатын колдонуу маданиятын «кайра карап чыгыш керек экенин» кошумчалады.

«Келечекте олуттуу маселелер, мээнин рагы сыяктуу ар кандай оорулар болушу мүмкүн»,-деди Рахмон.

Тажик президенти калк 90% чет элдик компанияларга караган мобилдик операторлорго жыл сайын үч миллиард сомони төлөп жатканын билдирди.

«Бул аз каражат эмес. Бул акчага биз Рогун ГЭСинин курулушун бүтүрмөкпүз»,-деген Рахмон өспүрөмдөрдү, балдарды смартфондордон оолак кармоого чакырды.

Эксперттер белгилегендей, Тажикстанда уюлдук байланыштын жана интернеттин сапаты чөлкөм боюнча эң сапатсыз. 2016-жылы өкмөт алдында Бирдиктүү коммутациялык борбор түзүлгөн. Ал мекеме аркылуу бийлик өлкөдө мобилдик байланышты жана интернетти тескей алат.

Үч сааттык кайрылууда Эмомали Рахмон билим берүү, саламаттык сактоо, өндүрүш жана банк тармактарын да сынга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG