Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Фергана акими ашыкча салмактан арылгандарга 500 миң сум берүүнү убада кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров билдиргендей, ашыкча салмактагы адамдарга ар бир таштаган килограмм үчүн 500 миң сум (3800 сом) берилерин жарыялады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, мындай билдирүүнү ал облус кеңешинин жыйынында жасаган.

Бозоров Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен оорулардын 50-55% ашыкча салмактан, туура эмес тамактануудан, аз кыймылдоодон келип чыгарын айткан.

“Биз анализдеп көрсөк, кант диабети менен 32 миң бейтап каттоодо турат, алардын эки миңинде гана бул илдет ата-бабасынан өтүптүр”-деди ал.

Ал жакында жер-жерлерде атайын комиссиялар түзүлүп, жарандардын салмак таштоосуна көз саларын кошумчалаган.

“Маселен, бүгүн 100-150 кило салмактагы адам каттоодон өтүп, алты айдан кийин беш кило салмак таштап келсе, биз ага 230$ же 19 500 cом төлөп беребиз",-деди.

Жыйында бул үчүн ашыкча салмактагы адамдар атайын программага катталууга тийиш экени айтылды.

Борбор Азиядагы элдин басымдуу бөлүгү туура эмес тамактануу боюнча дүйнөдө биринчи орунда экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2019-жылы аныктаган. Маалыматта Өзбекстан менен Кыргызстандын калкы зыяндуу азыктарды жеген өлкөлөрдүн сап башына чыкканы белгиленген.

XS
SM
MD
LG