Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ошто көмүр ташыган айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты


Ош шаарында УКМК имаратынын астына акцияга чыккан айдоочулар- 21-декабрь. 2021-жыл
Ош шаарында УКМК имаратынын астына акцияга чыккан айдоочулар- 21-декабрь. 2021-жыл

Бүгүн, 21-декабрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын алдына Папан айыл өкмөтүнөн көмүр ташыган жыйырмадай айдоочу нааразылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар бийликтен жол маселесин чечип берүүнү талап кылышты. Алар оор жүк тарткандар үчүн салынган айланма жол кышкысын кооптуу болуп калгандыктан, айыл аралоого туура келип жатканын айтышты. Буга Папан айылынын тургундары каршы болуп, айыл ичиндеги жолдон өткөрбөй, чыр чыгып жатканын билдиришти. Айдоочулар талаптары аткарылбаса, тийиштүү жактарга кайрыларын айтып, тарап кетишти.

Жергиликтүү тургундар көмүр ташыган автоунаалар жолду талкалап, чаңытып, катуу айдагандыктан алардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айтып келишет.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн бириктирген жолдогу Ак-Буура дарыясындагы көпүрө 11-октябрда көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жатканда кулап, сууга түшүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү аман калган. Анын кесепетинен Папандагы 14 айылдын тургундары айланма жолду пайдаланууга аргасыз болгон. Бир айдан соң жаңы көпүрө салынып пайдаланууга берилген. (DU)

Ош-Папан жолундагы көпүрө кыйрады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG