Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Түркияда Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү


Болот Шамшиев.
Болот Шамшиев.

Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында 20-декабрда белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси уюштурулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги уюштурган иш-чарага түркиялык кино таануучулар, студенттер жана күйөрмандар чакырылган.

Чыгаан кинорежиссёр Шамшивдин 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө жана ал тарткан тасмалардын көргөзмөсү Анкарадагы Гази университетинде 22-декабрга чейин уланмакчы.

Болот Шамшиев СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка ата мекендик, чет элдик сыйлыктардын ээси болгон. Маркумдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда туура 80 жашка чыкмак.

Ал 1941-жылдын 12-январында туулуп, 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG