Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Кытай АКШга жооп кылып бир нече адамга санкция киргизди


АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин онлайн саммити.
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин онлайн саммити.

Кытай АКШга жооп чара катары Американын эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиянын төрт мүчөсүнө санкция киргизди. Өткөн аптада Вашингтон Шинжаңдагы адам укуктарынын басмырланышына байланыштуу кытай аткаминерлерине жана бир нече компанияга санкция салган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзян 21-декабрда билдиргендей, комиссиянын төрайымы Надин Маэнзага, анын орун басары Нюри Тюркелге жана комиссиянын дагы эки мүчөсүнө Кытай, Гонконг жана Макаонун аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле алардын Кытайдагы активдеринин баары камакка алынат. Чжао алардын Кытайда активи бар-жок экенин тактаган жок.

Бээжин Шинжаңда бир миллионго жакын мусулман азчылыктарын, анын ичинде уйгур, казак, кыргыздарды "саясий тарбиялоочу лагерлерге" камап, кыйноого алганы үчүн эл аралык коомчулуктун айыптоосуна бир нече жылдан бери кабылып келет.

Кытай мындай дооматтарды четке кагып, ал борборлорду "кесиптик билимге үйрөтүүчү борборлор" деп атаган.

АКШнын Каржы министрлиги 10-декабрда Шинжаңдагы куугунтуктоолорго байланышы бар эки аткаминерге жана бир нече компанияга санкция киргизген. Ошондой эле Шинжаңда өндүрүлгөн буюм-тайымдарды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган. Вашингтон ошондой эле эмдиги жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG