Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

АКШ Сенаты Кытайга жаңы санкцияларды киргизди


Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын бузулушуна каршы чыккан Түркиядагы уйгурлар. Стамбул.
Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын бузулушуна каршы чыккан Түркиядагы уйгурлар. Стамбул.

Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бир нече кытайлык компанияга санкция киргизди. Американын Соода министрлиги “кара тизмеге” Кытайдын Аскердик медицина илимдер академиясын жана ага караштуу 11 институтту киргизди. Аталган мекемелер аскердик багыттагы биотехнологияларды чыгарууга адистешкен.

Шинжаңдагы репрессиялык саясаты үчүн Бээжин беш жылдан бери эл аралык айыптоолорго жана санкцияларга кабылып келет.

16-декабрда АКШ Сенаты Шинжаңда өндүрүлгөн товарларды импорттоого тыюу салды. Эки күн мурда мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасы жактырды. Эми ага президент Жо Байден кол коюш керек.

Буга чейин Ак үй “Шинжаңдагы Кытайдын жырткычтыгы жана болуп көрбөгөндөй адам укуктарынын бузулушунан улам” Бээжинде өтө турган Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган. Мындай кадамга бир катар батыш мамлекеттери да барды.

XS
SM
MD
LG