Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Октябрь окуясы боюнча сот отуруму уланат


Бүгүн, 17-декабрда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот отуруму уланат. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкү олтурумга Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязов алып келинери айтылууда.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган. Милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Кийин бошотулган Курсан Асанов дагы эки жолу кармалып, үй камагына чыкты. Үчүнчү жолуп кармалып, учурда №50 абакта олтурат.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митинги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрда өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG