Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкек шаардык соту Самаковдун ишин кайра карайт


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Жогорку сот мурдагы депутат Карганбек Самаковдун адвокаттарынын арызын канааттандырып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку cоттун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын башында Карганбек Самаковго карата буга чейинки чыккан сот чечимдери жокко чыккан. Жогорку cот жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Самаковдун ишин кайра кароого Октябрь райондук сотуна жөнөткөн.

Буга чейин Октябрь райондук соту жана Бишкек шаардык соту Самаковго карата кылмыш ишин кыскарткан чечим чыгарган. Бирок буга макул болбогон Карганбек Самаков толук актоону талап кылып, Жогорку сотко арызданган.

2017-жылы мурдагы депутат “Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деп айыптоонун негизинде 10 жыл эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Самаков 2019-жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу менен жаза абагынан бошотулган болчу. Самаковдун баласы Аман Самаков атасынын мүлкү мамлекетке өткөрүлбөгөнүн, бирок камакка коюлганын билдирген.

Жогорку сот "Сапаттуу билим берүү" коомдук фондунун арызын дагы жарым-жартылай канааттандырган. Эл аралык "Ага Хан" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2012-жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынан 84 гектар жерди 8,3 миллион долларга сатып алган. Фонд бул жерди Карганбек Самаковдон сатып алганы белгилүү. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG