Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

COVID-19: эки киши каза болуп, 29 жаңы учуру катталды


17-декабрга карата Кыргызстанда 29 адам COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталганын республикалык штабдан билдиришти.

Илдеттен эки киши кайтыш болду. Каза болгондордун экөө вакцина алган эмес. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан баштап вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 779га жетти.

Бишкек шаарында 16 учур, Жалал-Абад облусунда бир, Чүй облусунда жети , Нарын облусунда бир , Ош шаарында бир, Ош облусунда бир учур катталды.

Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 303ү ооруканада болсо, 348 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 17-декабрга карата 1 млн. 178 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 964 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш. (JsA)

XS
SM
MD
LG