Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Кыргызстандык окуучулар Москвада эл аралык олимпиадада байгелүү орун алышты


"Сапат" мекемесинин окуучулары олимпиадада.
"Сапат" мекемесинин окуучулары олимпиадада.

Кыргызстандык окуучулар Москвада өткөн математика, физика, химия жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыганын “Сапат” билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-13-декабрь күндөрү өткөн “Мегаполис” олимпиадасында Кыргызстандын атынан ар кайсы мектептерден Бишкек жана Ош шаарынан эки команда түзүлдү. Бишкек командасына №61, №70 жана “Газпром” мектептеринин окуучулары кирди. “Сапаттын” окуучулары Ош шаарынын командасынын атынан катышышты.

Жыйынтыгында Ч. Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков математика сабагынан, Х.Карасаев лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Саламатов химия сабагынан, Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар жана Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоенов Тенгиз информатика сабагынан коло медалга ээ болушту.

Командалык жыйынтыкта Ош шаарынын командасы 3-орунду ээлеп, блиц-турда prize-winner аталды.

Олимпиадага жалпы 28 өлкөдөн 280 окуучу катышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG