Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Абактагы Ниязов сот, прокурорлор жоопко тартылган күн келерин эскертти


Фарид Ниязов сотко алып келинген учуру. 19-август, 2019-жыл.
Фарид Ниязов сотко алып келинген учуру. 19-август, 2019-жыл.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов 16-декабрдагы сот отурумунда 30 жылдан бери сот, прокурорлор “саясий заказ” аткарып келе жатканын айтып, эртели-кеч алар дагы жоопко тартыларын эскертти.

Ниязовдун айтымында, 2010-2011-жылдары Исмаил Исаков сыяктуулардын кылмыш ишине аралашкан сот, прокурорлор аларга тийбөөнү өтүнүп, жаңы бийликке кызмат кылып берерин суранып келишкен.

“Мен азыркы президент дагы ошондой абалга кабылып жатса керек деп ойлойм. Сот, прокурорлор барып чын дилден кызмат кылууга сөз берип жатат. Мындай улана берсе укуктук мамлекет болбойт. Жакынкы күндөрү сот, прокурорлор дагы жооп берген күн келет”, - деди ал.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Кийин ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Фарид Ниязов “Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде дагы шектүү катары өтүп жатат. Анын соту 2022-жылдын 10-январында уланмакчы.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы Фарид Ниязовдун кайрылуусуна жооп бере элек. 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG