Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Президент тарых музейиндеги айрым буюмдардын баасы жазылганына пикирин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги жыгачтан жасалган инсталляциялардын жана аттын эки жыгач калыбында баасы көрсөтүлүп турганын туура деп эсептейт. Мамлекет башчы мындай пикирин 15-декабрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин жыйынтыктоо иш-чарасында музейди кыдырып жүрүп айткан.

“Баасын илип коюп туура кылыпсыңар. Бул тарых болуп калат. Кийинки муун ушуну көрүп туруп, ушундай кылып жасагандан уялат”, - деди президент.

Тарых музейинде жыгачтан жасалган инсталляциялардын баасы "299 миң 559 евро" жана аттын эки жыгач калыбы "17 миң 730 евро" деп жазылып турат.

Коомчулукта кандай болгон күндө дагы музейдеги буюмдарга баасын жазып койгонун туура эмес деген пикирлер бар.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта, имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жакшыртылган. Экинчи этапта, ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Бул иште шек саналган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG