Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

"Кумтөр Голд": салыкты 1,5 эсе ашык төгүп жатабыз


Кумтөр.
Кумтөр.

"Кумтөр Голд” ишканасы финансы министри Алмаз Бакетаевдин Кумтөрдөн түшүп жаткан салык тууралуу айтканына комментарий берди. Бул тууралуу билдирүү ишкананын сайтына жарыяланды.

"Алмаз Бакетаев алтынды сатуудан түшкөн акчанын 13 пайызын түзгөн дүң киреше салыгы боюнча гана айтты, ал эми буга чейин бюджетке которулган бардык калган салыктардын түрлөрү тууралуу маалымат берген жок", - деп айтылат билдирүүдө.

"Кумтөр Голд” ишканасы 2021-жылдын 11 айында дүң киреше салыгы катары пландалган 6 млрд. 916 млн. сомдун ордуна 6 млрд. 998 миллион сом төккөнүн билдирген. Ал эми социалдык камсыздоо чегерүүлөрдү, бардык салык төлөмдөрүн кошкондо пландалган 8 млрд. 2 млн. сомдун ордуна жалпысынан 11 млрд. 714 млн. сом бюджетке төккөн.

Алтын кенин тыштан башкаруучулар жыл жыйынтыгы боюнча планды 1,5 эсе ашыгы менен аткарып, 13 млрд. сомдон ашык салык төгүү планы бар экенин жана жылдык отчетту 2022-жылдын башында жарыялай турганын билдирген.

14-декабрда Каржы министрлиги “Кумтөр Голд” ишканасы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнүн, 2021-жылдын 11 айында казынага 6 млрд. 998,8 млн. сом түшкөнүн маалымдаган.

"Кумтөр" алтын кенине тышкы башкаруу киргизилгенден бери казылган алтын тууралуу так маалымат бериле элек. Өндүрүлгөн алтын, тапкан пайда тууралуу маалымат угуу демилгеси парламенттин дээрлик ар бир сессиясында көтөрүлөт.

Кыргыз бийлиги "Кумтөр Голд" компаниясын өзү иштетип келаткан 2021-жылдын 17-майынан бери алтын өндүрүшү боюнча үч ирет учкай маалымат берди.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенине ушул жылдын май айында тыштан башкаруу киргизип, көзөмөлдү толугу менен өз колуна алган.

Кенди иштетип келген канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясы менен эл аралык арбитражда сот уланууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG