Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

"Кызыл сызыктан өтпөдү". Муратовдун сөзү талкууда   


Дмитрий Муратов.
Дмитрий Муратов.

10-декабрда Стокгольм менен Осло шаарларында Нобелдин сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Стокгольмдо физика, химия, медицина, экономика жана адабият боюнча сыйлыктар ыйгарылды. Ослодо Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээлерине сый көрсөтүү аземи болду.

Бул жылы тынчтык сыйлыгынын ээлери филиппиндик журналист Мария Ресса менен орусиялык Дмитрий Муратов болушту. Сыйлыктарды тапшыруу учурунда салтка жараша лауреаттар нобелдик сөздөрүн сүйлөштү. Муратовдун нобелдик лекциясы орусиялык блогерлердин кызуу талкуусун жаратты.

Көпчүлүгү Муратовдун сөзүн көтөрүңкү маанайда кабыл алышты.

Кирилл Мартынов

Дмитрий Муратовдун нобелдик сөзү келки-келки бөлүктөрдөн ыктуу кыйылышыптыр. Арасынан экөө өзгөчө бөлүнүп турат. Кеп башында Муратов Андрей Сахаровдун адамзат дүйнөсү жана болочок илимий тааным үчүн адам укугу жаатындагы прогресстин ролу тууралуу ой жүгүртүүсүнө токтолду. Ослодогу мындан бир топ жыл илгери - 1975-жылы жаңырган сөздөрдү дагы окуду. "Новая газетанын" ишинин артында катылган “теория” тууралуу Тынчтык боюнча биринчи орус лауреатынын сөзүндө кеп болду.

Көзгө урунган экинчи бөлүк сөздүн аягында курман болгон журналисттерди эскерип бир мүнөт аза күтүп туруу, анан да репортерлор карыганга жетсин, картайганда гана каза болушсун деген тилеги. Туура, баарыбыз катардагы кесипкөй катары узак жашагыбыз келет, эч кимдин өлгүсү келбейт.

Дүйнөнүн жаңылык агенттиктеринин баары жарыя кылчу аракет – Муратовдун кыйноолорго каршы эл аралык трибуналды түзүү демилгеси, пенде баласынын кадыр-баркынын акыркы чеги, колу канга малынган өкүмдарлар деле ооз жүзүндө кыйноолорго каршы чыгат.

А бирок бул ирет сүйлөнгөн сөздүн басымдуу бөлүгү конкреттүү адамдар менен уюмдарга багышталды, Навальный менен “Мемориал”, Политковская менен Борбордук Африка республикасында өлтүрүлгөн журналисттерге арналды. Баарын эстеп, ар бирине жардам берип, Нобелдик сөздү баарына жетерлик кылып жардамга муктаждарга бөлүштүрүү аракети. Негизинен өтө көлөмдүү “редакциядан” деген башкы колонка.

Муратовдун бул сөзүнүн мааниси, менимче, батыш угуучуларына түшүнүктүү деле эмес, дене бойду дүрт эткизчү саясий контекстке византиялык, ошол эле мезгилде жаңы террор коркунучу катылган. Бул газетанын редакциялык саясаты өзгөрүлбөйт дегенди жарыя кылуу гана.

Тамара Эйдельман

Мындан эки ай илгери адамдар Муратов сыйлыкты тапшыруу учурунда эмнелерди сүйлөшү керектигин ар кими өз билгенинче талкуулап чыгышканы эсте. Кимге акыл үйрөтүштү билбегендер. Кандай сонун сөз сүйлөдү.

Леонид Гозман

Муратовдун сөзү - оптимизм менен илгери үмүттүн булагы. Ал өзү, жанындагы достору артка кайтышпайт. Муратовдун сөзү - акыл менен чекиндүүлүктүн үлгүсү. Чечкиндүүлүк сөздөн эмес, иштен көрүнөт. Мына ушул керемет адам менен тааныш болуп калганыма, “Новая газетанын” авторлорунун бири болуп калганыма сыймыктанам.

Ксения Ларина

Дмитрий Муратовдун сөзү тарыхка кирди. Ушул күндөр Ата мекенибиз үчүн кандайдыр бир сыймыктанууга толкуп-ташып турат. Мамлекет эмес, Ата мекен деп толкунданып турабыз. Мына ушул мекенибиз кылмыштуу мамлекетке колунан келген каршылыгын көрсөтүүдө. Улуу адамдар, чыныгы патриоттор баары бир жеңишке жетишет. Эртеби же кечпи баары бир.

Аларды басмырласа да, кубаласа да, отургузса да, өлтүрсө да баш ийишпейт... Лия Ахеджакова, Сокуров, Резник, Сванидзе, Меркачева, Асмолов … бул ушул күндөрү гана үн каткандар. Мына, эми Дмитрий Муратов. Баарыбызды толкунданткан сөзүндө ал бекеринен мындан жүз жыл илгери большевиктик Орусиядан эн мыктыларды алып кеткен Философиялык кемени жөн жерден эскерген жок.

Анна Наринская

"Чеченстандын бийик тоолору мисирейген капчыгайларынан айлап дайынсыз балдарын издеген энелер экрандан чыккан уулунун өңүн көрүп: “Ал мындай эмес! Ал мындай эмес болчу” деп кыйкырышчу.

Таанылгыс жоокер уулу болчу. Азыркы идеологдор Мекен үчүн жан берүү идеясын алдыга жайып, Мекен үчүн жашоону оозуна алышпайт. Алардын телевизордогу алдамчылыгына ишенбейбиз, эми алданбайбыз.”

Нобель сыйлыгын тапшырууда Муратов мыкты сүйлөдү. Сыймыктанам.

Зоя Светова

Дмитрий Муратовдун сөзү мыкты болду: "Журналисттер - өкүмзордук уусуна каршы дары".

"Журналисттер карыганда каза болушун каалайт элем”. Дмитрий Муратовдун нобелдик сөзүнүн соңу ушундай болду, бүгүнкү күндүн негизги маселелеринин баары батып кетти окшойт: согушка жол бербөө, кыйноолор, Навальныйдын артынан түшүп алуу, орусиялык сот жана абак системасынын аёосуздугу, журналисттерди өлтүрүү, "Мемориал", оор дартка кабылган балдарга жардам... Көп нерселер!

Муратовдун сөзүнөн кийин жаамы дүйнөдө курман болгон журналисттерди эскерип бир мүнөт аза күтүү. Өтө күчтүү сөз болду.

Тоня Уткина

Эң мыкты сөз! Муратов – тайманбаган эр. Мага анын узакка сүйлөп отуруп албай кыска сөзүндө ушу тапта орус коомун толгонткон курч темалардын баарын камтып кетткени жакты. Бир да “суу кошпой”, жалпы сөзгө чарпылбай, конкреттүү адамдардын атын атап, окуяларды санап, ичиндеги ой-сезимин ачык айтып берди.

Аббас Галлямов

Дмитрий Муратовдун сөзү керемет! Биздин "өзөктүк (ядролук) чемоданыбызды" ага ишенип берет элем.

Елена Панфилова

Замандашы болуп калганыма сыймыктанам.

Ал эми кремлдик саясат таануучу Сергей Марковго сөз жакпай калыптыр.

"Нобелдик сыйлыкты ыйгарууда Дмитрий Муратовдун сүйлөгөнү мага жакпай калды. Бул дүйнөдөгү укук коргоочуларга чабылган шапалак. Дүйнөдө адам укугуна байланышкан толгон проблемалар турса, Дмитрий Муратов сүйлөгөн сөзүндө алардын бирине да токтолбойт.

Мигранттардын опол тоо проблемасы турат, алардын укугу. Эч нерсе жок. Социалдык тармак ээлеринин цензурасы. Сөз жок.

Алдамчылыктын айынан демократиянын мыйзамдуулугунун төмөндөө проблемасы. Бул тууралуу кеп жок. Трансулуттук корпорациялардын бийлик проблемасы, алардын инсанды алдап, басым-кысымга алышы. Эч нерсе жок.

Интеллектуалдык эркиндиктин бууга айланып жок болушу, “экспертизанын өлүмү”. Бул тууралуу кеп жок. Маалымдоо каражаттары менен журналисттердин акчага, олигархтарга көз карандылыгы. Бул да жок.

Ал эмне тууралуу айтты? Бир гана Орусия жаман, ага каршы күрөшкөндөрдүн баары жакшы дегенди эле айтты. Тынчтык боюнча Нобелдик сыйлыкты ага адам укугун коргоо үчүн бербей, Орусияга каршы күрөшкөнү үчүн беришкендей таасир калтырды. Муну ал билет, ошон үчүн жалаң ушул тууралуу гана кеп кылат.

Мүмкүн ошондойдур? Мүмкүн Муратов өзү жакшы эле киши болуш керек, адам укугу деп чын дилинен күйөт болуш керек, а бирок ал глобалдык жетекчилери буйруган гана нерселерди айта алаттыр

Өй, Дмитрий! Коркпо! Сен Нобелдик сыйлыкты алдың, эми сага чындыкты айтууга болот. Бүт дүйнө Ассанжды айтып дуулдатып жатышат. Муратов болсо ушу таптагы башкы абийир туткуну тууралуу айтуудан тартынып отурат. Өкүнүчтүү".

Анткен менен либералдар арасында да Муратовдун сөзүнө ичи чыкпай, аны өтө эле жумшак деп баалагандар болду.

Андрей Мальгин

Дмитрий Муратовдун нобелдик сөзүнө ыраазы болгондорго кошулам. Жакшы сөз айтты. Тамашасы жок. Бир топ керектүү, акыйкат сөздөрдү айтты. А бирок:

1) Д.Муратовдун нобелдик сөзүндө бир ирет Путинди эске алганы: "Орусиянын президенти академик Сахаровдун 100 жылдыгына эстелигин коюуга көмөктөшүп жатат".

2) Бир гана жолу Навальныйды эстегени: " Ойдон табылган айыптоолор менен Алексей Навальныйды Франциядагы ири парфюмердик компаниянын орусиялык директорунун чагымы менен отургузуп коюшкан... Парфюмердик компания бул иштен өзүн оолак кармоодо, кыязы, ал чыгарган өтүмдүү продукцияга бул иштин кыйгыл жыты тийип калбасын деп чочулайт окшойт” (“Новичоктун” жыты тууралуу кеп да жок).

3) Орусиянын Украинага каршы агрессиясы, анын жерин басып алышы - "Украинанын чыгышындагы окуялар". Крымды тартып алуу жөнүндө сөз да жок. "Боингди" ким атып түшүргөнү эмдигиче түшүнүксүз: бул "кайгылуу, аянычтуу, кылмыштуу иш".

Ошондуктан эч камтама болбогула. Кызылдан ары өткөн жок.

Майкл Наки

Кимдир бирөөлөрдүн сезимине тийип кетсе дин тутунуучулардан алдын ала кечирим сурайм.

Бул жерден мен улуу урматтуу нобелдик сыйлык ээси, “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратовдун сүйлөгөн сөзүн окудум. Түшүнүктүү, деңиз, ал чалкыган бир тереңдик. Балдарды сактап келаткан гуманист, журналистиканын коргоочусу, Путиндин алдында тартынбай курч маселелерди койгон, анан да жаамы дүйнө тааныган Нобель сыйлыгынын лауреаты. Мен тууралуу айтпай деле койсом жарашат, эптемей-септемей блогер, мектеп математикасынын элементардуу тапшырмаларын аткара албаган шөмтүрөгөн бирдеме. Интеллект жагынан арабөк калган менде да кадырлуу адамга, орусиялык көз карандысыз прессанын соңку үмүтүнө берейин деген азыноолок суроолор пайда болуп калды.

Сүйлөнгөн сөздү окуп отуруп анда белгиленген топ проблемаларды көрдүм. Болуп жаткан, түбү барып Орусияны жок кылчу проблемалар: журналисттерди "чет элдик агент" деп таанып атышат, анан алардын айрымдары сыртка кетип, башкалары кесибин өзгөртүп жатышат. Алексей Навальныйды баш кылып саясатчыларды камап жатышат, колонияларда кыйноолор күчөөдө, "Мемориалды" талкалашууда.

Мунун баары азыркы заман тарыхындагы урматы улук башкы редактордун сөзүндө камтылыптыр. Чабыла берип чарчаган колду сылап, чогулуп калган көз жашты сүртө отуруп калаты жагдайды байкадым. Дмитрий сыпаттап жаткан окуялардын эртең эмне болуп кетери белгисиз. Көрсө, "Мемориалды" башкы прокуратура талкалап атыптыр, журналистика "оор мезгилди башынан кечирип" жатыптыр, баары өз-өзүнчө өтүп аткан окшойт – текстти карасаң, ушундай болуп жатыптыр. Борбордук Африка республикасында журналисттерди белгисиз бир күчтөр атып салыптыр.

Политковскаяны өлтүрүүгө кызыкдар киши “табылбай калганы” текстте белгилениптир. Эмне үчүн табылбай калды? Ким таппай койду, тигил катуу бекингенби же жакшылып издешкен эмеспи? Булар тууралуу кеп жок. Анан, албетте, сүйлөнгөн сөздүн мыкты жери Навальныйдын атынын аталышы, ал тууралуу аз илгерээк Муратов сыйлыкты алууга ушул таттыктуу эле деген сөзүн айтты эле. Мына эми ошол сөздү сапма-сап келтирбесем, мага ишенбейсиңер.

"Ойдон табылган айыптоолор менен кылмыш ишин козгоо бизде негизинен саясий өң-түс алып кетет. Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды Франциядагы ири парфюмердик компаниянын орусиялык директорунун чагымы менен отургузуп коюшкан. Арызды директор жазган, бирок аны сотко чакырышкан жок, ал өзүн жапа чеккен адам катары эсептебейт... Навальный болсо түрмөдө отурат. Парфюмердик компания бул иштен өзүн оолак кармоодо, кыязы, ал чыгарган өтүмдүү продукцияга бул иштин кыйгыл жыты тийип калбасын деп чочулайт окшойт.”

Аңдап атасыңарбы? Француз парфюмерлери Навальныйды отургузушту! Жараткан жалгай көр, биз күнөөнүн баарын Путинден көрүп жүрбөдүк беле, башында уу берип өлтүрүп коёюн деп, соңунда түрмөгө алып барып тыгып салды деп. Ушундай болгон тура, билдик.

Баарын билгиси келген окурман анан сурайт да: Майкл, мүмкүн Муратов – саясий система тууралуу жалпы айтып, конкрет ысымдар менен кызматтарды айтпайттыр деп. Эмнеге?- деп мен бул жактан чыгам. Ал Орусиянын президентин атынан айтып атпайбы, Сахаровдун эстелигин койгонго жардамдашып жатат деп атпайбы!

Канткен менен Орусиянын президенти азамат, өкүнүчтүүсү анын кол алдындагы Башкы прокуратура, соттор, ТК, ЖАК, аткаминерлер, министрлер, ТИМ жана эли андай болбой калганы өкүнүчтүү, албетте.

Сүйлөнгөн сөздө баары туура анан да баарысын эске алып так белгиленген, аны туура түшүнүүгө менин кем акылым жетпей жатпайбы. Барып-келип мен киммин? Алдыга узап бараткан кербенге үргөн бир итмин да!

Дагы бир жолу ушундай бийик жана кадырлуу сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сахаров деңгээлинде, мүмкүн андан бийик адам!

Наталья Балакина

Ал жерге учак кулаптыр, уруш бүгүн-эртең башталганы турат, ишенимдин болгону жакшы, жаш журналисттердин курман болушу жаман. Батыл ойлор! Анан башкысы - ПАРФЮМЕР. Бир өлүмдүн таржымалы.

"Парфюмер" – Муратов Навальный тууралуу айтканынан улам эске түшүп жатат. Сынчылар аны кер какшыкка келиштире булап алып айтып жатышпайбы.

Муратовдун айтканын Олег Кашин адаттагыдай эле тырмакчага албай мисалга тартат.

Ойдон табылган айыптоолор менен кылмыш ишин козгоо бизде негизинен саясий өң-түс алып кетет. Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды Франциядагы ири парфюмердик компаниянын орусиялык директорунун чагымы менен отургузуп коюшкан. Арызды директор жазган, бирок аны сотко чакырышкан жок, ал өзүн жапа чеккен адам катары эсептебейт... Навальный болсо түрмөдө отурат. Парфюмердик компания бул иштен өзүн оолак кармоодо, кыязы, ал чыгарган өтүмдүү продукцияга бул иштин кыйгыл жыты тийип калбасын деп чочулайт окшойт. (Курч!)

Юлия Брис

Мыкты сүйлөптүр. Баарысы тууралуу курч, тайманбай айтыптыр.

Бир гана Навальный тууралуу айтканы калаты. Ал "Ив Рошенин" жалган айыбы менен абакта олтурат деп коюптур. Ушул элеби?!

Мамлекеттин өз жаранын химиялык курал менен ууландырышы, жалгыз оппозициялык уюмду талкалоо, экстремизмге байлап айыптоо, анан биринин артынан экинчиси суурулуп чыгып жаткан башка кылмыш иштери жөнүндө бир да сөз жок!

Жарым жылдан бери жаамы дүйнөдө номур 1- болуп жаткан тема "Ив Рошенин" жалган айыбына байланып калыптыр.

Александра Астахова

Навальныйдын түрмөдө олтурушунун себеби, Путин Кремлде отурат! Навальный түрмөдө отурат, себеп дегенде Путиндин "фсбшниктери" аны өлтүрүп койгусу келген, ал болсо Мекенине кайтып келди. Болду, чекит.

Кайдагы бир "Ив Рошенин" француздук фирманы жөн эле колдонбой коюш керек. Менимче, муну кайрадан талкуулап отуруштун кажаты жок.

Андрей Шипилов

Кокуй ой, десе ...

Көрсө, Навальныйды Путин отургузган эмес тура, аны абакка алып барган кайсы бир аты-жыты жок франциялык парфюмер тура. А Путин болсо азамат, ал академик Сахаровдун эстелигин коюуну убада кылууда. Бир гана Путиндин айланасында боярлары жаман, "Мемориалдан" жаңылып калышты.

Жолдош Путинге айтып койгула, оголе оор айып кетирип алышыптыр. Сиздер нобелдик сыйлыктын ээсинин бир сөзүнүн ток этер жерин уктуңуздар.

Муратовду атып түшүрүлгөн “Боинг” чатагы менен Украинага каршы согуштун күнөкөрлөрүн айтпаганы үчүн да сынга алышты.

Григорий Зайченко

Нобелдик сөздү жерге-сууга тийгизбей мактап аткандарга кошула албайм.

Галичте кантип айтылган? "Жагдайды абдан туура чагылдырыптыр". Көрсө, орусиялык агрессия болбоптур, согуш да эмес экен, 15 миңге жакын украиндер курман болуптур (орусиялыктардан канча экенин кудай эле билбесе) – ал өзү "Украинанын чыгышындагы окуя экен", ал жерде “аралаш аскердик уруштар, "Боинг МН-17" каттамына байланышкан муун-жүндү титиретчү, кайгылуу, кылмыштуу окуя Орусия менен Украинанын мамилесин үздү”.

Ар ким өзүнүкүн таап алат. Колунан келет экен. Ишенимдүү рецепт менен жакшы токулган.

Александр Минкин өчүрүлгөн постуна караганда Муратовго сөзүн түзүүгө мыкты жардам берген окшойт, жабыла чыккан сынчылардын баарына нааразы.

Нааразы болгон жалгыз эле ал эмес.

Лев Шлосберг

Башында орусиялык саясий айдыңга жакын тургандар Дмитрий Муратовго Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылышына аябай капа болушту, нааразылыгын билдиришти.

Эми ошол эле адамдар андай сүйлөдү, мындай сүйлөдү деп, Муратов нобелдик сөзүндө айтпагандарды деле кеп кылып жазып жатышат. Ичи чыкпагандардын баары эч ойлонбой өздөрүн Норвегиянын Нобелдик комитет мүчөлөрүнүн ордуна, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаттарын ордуна коюшууда.

Маселе мындай, Нобель комитети менен Дмитрий Муратовго нааразы болгондордун кимиси согушту токтотуп, тынчтык орношуна кандай иш жасадың эле деп элдин бирөө да аларга суроо бербейт.

Андрей Десницкий

Узун тасма Дм.Муратовдун нобелдик сөзүн сынга алгандарга толуп чыкты. Сынга алгандардын көз карашынан алганда, алар гана кантип жана кайсы жерде катуу үн чыгарышты мыкты билишет. Минбарга кимибизди дал ушул жагдай боюнча сүйлөөгө чыгарса, биз турараак, тагыраак айтмак эле дейбиз, аны өзүбүздүн гана сөрүдөн кандай көрсөк ошондой айтабыз, ушундай.

Муратов багыттуу жана мыкты сүйлөдү. Айталы, эмне үчүн ал биздин тергөөчүлөрду айтпай, француз парфюмерлерине токтолду? Анын себеби деле жөнөкөй: Батышка жалпысынан дүңүнөн алганда Суэц каналынан чыгышка карай кеткен кумдуу чөлдөрдүн жапайылары кимди кантип жешкенинин мааниси деле жок. Анын үстүнө апылдатып жештен башканы билбегендердин айлык акысы менен кызматтан көтөрүлүшүнүн Муратовдун сүйлөгөн сөзүнө эч кандай тиешеси жок. Ал эми француз парфюмерлеринин кадыр-баркы менен кирешелери бул сөздөн кыйла жабыркашы мүмкүн. Кийинкисинде кесипкөй азаматтар жыттуу кагаздарга жей турган материалдарды салып берерден мурда ойлонушу мүмкүн.

Аптекалык тактык менен айтылган сөз: эмне маанилүү болсо ошону гана айтып, айтканда да аны уга турган аудитория алдында жарыя кылып, андан болушунча натыйжа чыгарып, калганын калтырып койгон. Жумшак жерде отуруп алып кыйкырганга көбү уста.

Faciant meliora potentes.

Борис Вишневский

Дмитрий Муратовдун нобелдик сыйлык алуу учурундагы сөзүнө ичи чыкпагандар (андан да эмне үчүн сыйлыкты ага ыйгарып койгонуна нааразы болгондор) – мынабул дарек менен кеткиле.

Айрыкча кандуу режимди жек көргөндөрдүн даражасы ошол режимге чейинки аралыктын чарчысына тең келчүлөр.

Урматтуу Дима, куттуктайм!

Сен менин досум экениңе, менин башкы редакторум, анан да “Яблоко” боюнча жолдошум болгонуңа сыймыктанам!

Анна Наринская

Муратовдун сөзүнө карата мамиле (бул бир эле мисал, бирок жакшы мисал) Болотный нааразылыктары тушундагы оппозициянын координациялык кеңешинин ишинен эмне үчүн натыйжа чыкпай калышын жакшылап түшүндүрүп бере алат. Башкалардын эсебинен радикалдуу болуу ышкысы ушинтип ар бир кыймылдан ( ишарат эмес, кыймыл) кынтык табуу сынды күчөтөт, шылдыңдоого алып келет, мындайда тилектештик тууралуу кеп кылбай эле койгон оң.

(Бул жерде дагы бир нерсе бар: чын эле радикалдуу иш-аракеттер башталганда интеллигенция аны айыптап чыгат, мисалы Навальныйдын акциясын, кимдир бирөөлөр муну баштады, бирөөлөрдү “азгырган”деп, ушу тапта андай иш-аракеттер болгондон улам баары билинбей турат).

Айыптоонун аңырты деле баарында бирдей: мамлекеттин кылмыштары катуу, анан да айныксыз сыпатталбаптыр дешет. Айтылган сөзүнүн аныгын ырасташ үчүн азыноолок калп айтып койсо деле боло берет: кечээ комментарийлерди көрдүм, Муратов "Мемориалды" жаманаттылоону айтпаптыр дейт (сүйлөнгөн сөздө "Мемориалды" кантип жок кылып жатышканына өзүнчө бир бөлүк арналган). Муратовдун ар бир сөзүнө узун шиш сайып, муну мен деле уктум, бирок да ал катуу айтпады дешет.

Менин аябай уяң мекендештеримдин жана калемдештеримдин пикиринде, Дмитрий Муратов Орусияда бийликти бирөө ээлеп алганын, “новичок” жана башкалар тууралуу айтышы керек экен. Аларды айтып же эмиграцияда калыш керек, болбосо Москва аэропортунан түз эле абакка барышы керек. Анын иши эмне болот (ошол иши үчүн "Нобелди" албадыбы) бул маселе анчалык деле маанилүү эмес, маанилүүсү Путиндин чучугуна жетерлик ачуу сөз айтышы керек эле.

Муратов аярлуу маселелердин бир тобуна токтолгону – "Боингден" баштап Украина менен урушту, түрмөлөрдөгү кыйноолорду, "Мемориалды" жок кылууну анан чет элдик агент мыйзамын айтканы – катуу сүйлөөнүн талап кылгандарга аздык кылууда.

Эмнеликтен дегенде, ансыз да баарысы аңырайып ачылып калбадыбы, оппозициядагы интеллигенция тилектештиктен баш тарткан, коопсуз жерде айтылып кетчү жаркын ойду ортого салганы да болбой атпайбы.

Сүйлөнгөн сөздү жактырбагандар да жооп кылганда аянышкан жок.

Алексей Медведев

Координациялык кеңештен эч нерсе чыкпады, себеп дегенде, анын өзүнүн кереги жок болчу. Орусияга өзгөрүү үчүн күрөшүүгө даяр адамдар керек. Андайлар бар. Алардын өзгөрүү күрөшүнө даяр эмес адамдар менен эмнеге биригип жатышканы түшүнүксүз. Эми Муратовдун сөзү тууралуу. Унчукпай эле түшүндүрүп коюунун миңдеген ыкмасы бар. Тилектештик үчүн айтып коюш керек. Алексейге салам-дубай жолдош керек. Эч нерсе айтпай, жалпы сөздөр менен түшүнөбүз, кечиребиз, чыны ушундай болот го. А бирок Навальныйдын фамилиясын айтып, андан соң “парфюмер компания” тууралуу кеп кылуу акылсыздык. Анан түшүнөсүң анын акмак экенин. Ошондуктан кечирип коесуздар, баарысы адам материалынын сапатында.

Сергей Князькин

Муратов коркок, анысы азыр чыккынчылыкка тете, сыйлык татыксыз адамга берилди. Тарыхта ошентип эле калат. Азыр аны мактап аткан сокурларды деле түшүнүп турам, бүгүнкү болуп аткандарды көрүп туруп жинди болуп кетпеш үчүн ушуга барып жатышат. Өкүнүчтүү, албетте.

Иван Яковина

Көбүнө жаккан Муратовдун сөзү, менимче, жампа.

Путин анда Сахаровго эстелик ачып жатат, "Мемориалды" ал жаап атпаптыр, баары жаман Башкы прокуратуранын иши тура. МН17 түшүнүксүз бирөөлөрдүн аткылоосунан кулап түшүптүр, Украинага кол салуу, Крымды басып алуу дегеле болбоптур, ( "Украинанын чыгышында" кандайдыр бир окуялар болуптур), Навальныйды химиялык курал менен уулантышпаптыр, аны түрмөгө деле орус бийлиги отургузбаптыр, франциялык компания тура! Ошол компания уялышы керек экен, карачы! Дагы башка нерселер…

Сүйлөнгөн сөздү окуп чыгып адамдар анын эмнесин мактап жатканын түк түшүнбөй койдум. Анан түшүндүм: бул сөз Муратовдун кесиптештери менен досторуна гана аябай жагыптыр. Аны жакындан билгендер макташууда. Непадам менин досум Нобелди алып калса мен деле аны жерге-сууга тийгизбей мактамакмын.

Нобелдик лауреат (жок дегенде теорияда) жөн адамдан акыйкатты коркпой-үркпөй айта алышы менен айырмаланат. Керек болсо ошол акыйкат үчүн азап тартууга, а кээде абагында отурууга, сүргүнүнө айдалууга же болбосо жанын берүүгө даяр болушу керек. Бул руху бийик, жалтанбастардын сыйлыгы. Мен болжол менен Политковская кандай сөз сүйлөйт эле деп элестете алам. Ал алды-артын каранып этияттанмак эмес. Муратов антпеди. Ошон үчүн бул сыйлык аныкы эмес, бул сыйлыкка ал татыктуу эмес. Политковская татыктуу, сыйлыкты Муратов алды.

Антип көпчүлүк баарын унутуп урушуп жатышса азчылык мунаса табуунун аракетеинде, сынчыларга каяша кылбай Муратовду коргоого алышууда, бүгүнкү орусиялык жагдайда жасоого мүмкүн нерселерди ал жасаганын айтышууда.

Марат Гельман

Муратовдун айланасындагылар эки күндөн бери эсимден чыкпайт. Колуңдан эч нерсе келбестигин түшүнгөн учуруңда абийирдүү кишинин алдында же ички же сырткы эмиграцияга кетчү жол калат. Же абакка отурушуң керек. Ушундай учурда Нобель сыйлыгы Адамды алдыга сүрөйт, баткак менен канга аралашып жүргөнүң акылдан адашуу эместигин аңдайсың, өзүң менен сага каршы турган машинанын кубатын өлчөйсүң, каршы турган машина арыбай-талыбай сага каршы ишин аткара берет.

Мындайда эмне жардам берет? Мен анын сырын издедим, “Дожддогу” маегине, гезиттеги эки материалын карап чыктым, менимче, бир нерсени түшүнгөндөй болдум: ал бийликти адамдан бөлүп карабайт. Ал каршы күрөшөт, анын тажаал жапайы жырткыч эместигин билет, ал деле өзүндөй эле адамдардан турарын көрөт. Тагдырдын эрки менен ошол жерде туруп калышкан, ал жерде жасай турган иштерин жасашууда. Булардын баары прокурорлор, аткаминерлер кээде менде коркуу сезимин жаратса, айрым учурда тытып салгым келет, алардан алыс болгонго аракет кылам, Муратов адамдардын ачкычын таап алдына койгон максатына жетүүнү көздөйт. Так ушул жерде экинчи бир маанилүу сапат алдыга чыгат – ал коюлган максатты так аныктоо. "Биздин милдет – жамандык тууралуу толук маалыматты берүү, калганы саясатчылардын иши”. (Ушул жерден жинимдей жек көргөн бир нерсеге такалам, башка короого кирип кетпейин).

P.S. Кандайынан болгондо да бир нерсе жасоо керек. Эң башкысы, мүмкүн. Калп баатыр болбой иштөө керек.

Максим Миронов

Мунасалар жөнүндө. Кечээ соцтармакта Муратовдун сөзүнөн улам чыккан кызуу талашта мунасага келүү жөнүндө да айтылды. Кээде ушинтип менин жолдошторум, өнөктөштөрүм менен кайчы позицияны карманып калмайыбыз болуп калат, дайым эмес албетте. Менимче, бул аябай маанилүү тема, муну соцтармактагы үзүл-кезил сөздөр менен талкууга салбай, терең аңдап чыгуу зарыл.

Мисалдардан баштайын. "Эхо Москвада" такай чыгып сүйлөгөн профессорлорду карасаңыз - Гуриев, Сонин, Пастухов, ал жерде мен да чыгып калам – булардын баарысы батыш вуздарынын профессорлору. Эмне, Орусияда өлкөдөгү коомдук-саясий жагдайды кызыктуу кылып талдап бере алчу сөзгө чечен профессорлор жокпу? Анан да бул жерде жашабаган батыштын жогорку окуу жайларынын профессорлору Орусияда эмне болуп жатканын бул жердеги окумуштууларга караганда мыкты билишеби? Жообу, албетте, жок менен бүтөт. А бирок орусиялык профессорлорго келгенде цензура деген иштеп кетет. Алар саясий маселелер боюнча өздөрүнүн оюн эркин билдире алышпайт, антсе ишинен ажырайт. Баарыбыздын көз алдыбызда өлкөнүн алдыңкы окуу жайларынын бири Экономиканын жогорку мектеби саясий себептерге байлап канча адамдардын ишинен бошотту. Башка окуу жайларда деле цензура жагынан ушундай эле жагдай, тек алар тууралуу жаңылыктарда айтышпайт. Ошондон биз Орусияда иштеген профессорлорду жылуу шартка ыңгайлашып алган, баарына макул болгондор деп жамандоого акыбыз барбы? Менимче, андай эмес, алар саясаттан да маанилүү ишти, айталы, орусиялык студенттерге билим беришүүдө, орус илими жоголуп кетпесин деп иштеп жүрүшөт.

Ошондой эле жагдай журналисттерде. Орусиянын ичинде калган журналисттер адатта адамды аң-таң калтырчу абсурд, акылы жок эреже-шарттар менен эсептешүүгө мажбур, чет элдик агенттер деген акылга сыйгыс аталыштарды жазууга, курч сөздөрдөн качып, баарын жылмалап, жумшактап жазууга ж.б. мажбур. Алардын Орусиядан кетпей иштеп, өз ишин аткарып жатышы кандайынан келгенде да мактоого татырлык, керектүү иш.

2007-жылдын декабрында Путин Медведевди өзүнүн ордуна дайындаганда мен Орусиядан кетүү чечимин кабыл алгам, ошондо эле Путин кызматынан кетпестигин түшүнгөм. Антишиме, биринчиден, четке чыгып кетүүгө менде мүмкүнчүлүк болгону, алган билимим менен кесибим мага дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да жакшы жумуш табууга мүмкүндүк берет. Ал эми экинчи жагынан, ушул деле кандайдыр бир деңгээлде мунаса. Чикагодон кийин Орусияга кайтып келдим, ушул жерде иштеп, балдарымды чоңойткум келди. Бирок ошондон көп өтпөй мага дагы бир нерсе ачылды, өзүм менен өзүм болуп, эмне ойлосом ошону айтсам, каалаганымды жасай берсем алгач ишимен ажырап, кесибим боюнча иш табышым кыйындыгын (билимим менен тажрыйбама карабай), анан да жарандык активдүүлүктү көрсөтүп аракет-кыймылымды күчөтө берсем, керт башымын эркиндигинен да кол жууп калышым мүмкүн экендиги ачык билинип калды. Ошондон кийин мунасага өзүм эле келдим. Өзүм сүйгөн, такай жашагым келген өлкөнү таштап, ичтеги оюмду эркин билдирип, жакшы ишке орношуп, беш баламды эч нерседен кем кылбай өстүрүш үчүн жер котордум.

Жогорто айтканымдай, Орусиядан кетип калыш баарынын эле колунан келе бербейт. Татыктуу адамдардын 99% Орусияда жашоо чечимин кабыл алышкан, алар тиги же бул маселе боюнча мунасага келишке мажбур. Эгер активдүү азчылык өзгөрүүлөр болсун деп аракет кылып жатышса, анан аларды баарына макулдар, баш көтөрбөс бирөөлөр каралап жатышса анда алар каршылаштарын жакшы көрүшмөк беле?! Менин Орусияда жашаган көптөгөн досторум, тааныштарым бар. Алар өлкөдө эмне болуп жатканын жакшы билишет. Туура, алар баатырлар эмес. Алар жакшы, татыктуу адамдар. Көпчүлүк досторумдан баатырлыкты деле күтпөйм. Мен өзүм деле баатыр эмесмин. Навальный - баатыр. Бирок мындай адамдар аябай аз.

Ушул айтылгандардан улам сөз орусиялык чен менен алганда курч чыкканын, Муратовдун жактоочулары аны орусиялык ТВ каналдар көрсөтүшпөгөнүн белгилешти.

Николай Травкин

Дмитрий Муратовго Нобелдик сыйлыкты ыйгаруу учурунда сүйлөгөн сөзүн орусиялык мам ТВ көрсөтпөдү, "Российская газета" жарыялабай койду деп капа болуштун кереги жок…

Сахаровдун сөзүн деле учурунда "Правда" гезити жарыялаган эмес.

Анна Качкаева

Албетте, таң кала турган эч нерсе жок. Бизди теледен Муратовдун сөзүн кыскартып айтып беришет, андан цитаталар келтирилет дегенди элестетүүнүн өзү кыйын. Нобелдик сыйлыкты тапшырганын айышты – видеонун артындагы сөзү 40 сек – башкы жаңылыктардын кечки чыгарылышына чейинки жаңылыктарда маалымдашты. "Время” программасы үчүн мындай жаңылык анча деле маанилүү эмес экен, айтышкан жок. Ушундай болду.

Андрей Мальгин

Кечээкиден кийин кызык түш көрсөм болобу. ТАСС Муратовдун сөзүн жарыялап ийиптир. Кремль репрессияны айыптап жатат. Саясий камактагыларды бошотушуптур, чет өлкөдөн саясий эмигранттар кайтып жатышыптыр. Кайра куруу менен айкындык жар салынууда. Басма сөз тууралуу жаңы мыйзам кабыл алыныптыр. Бастрыкин, Бортников, Патрушев, жаманатты болгон соттор учуп кетишиптир. Алардын айыбын ачкан документтер жарыялана баштаптыр. Роскомнадзорду жоюп салышыптыр. "Эхо" менен "Новая" путиндик нормаларга кайтып жатканыбызды жарыя кылып жатышыптыр. Навальныйды кармоо шартын жеңилдетишипти.

ТАСС чын эле Муратовдун сөзүн жарыялады. Бирок аны көбү режимдин жумшаруусу катары кабыл алышпады.

Сергей Пархоменко

Азыр дүйнөдө - Нобелдин тынчтык сыйлыгынын (уюмдарды кошпогондо) 32 (отуз эки) тирүү лауреаттары бар. Мен аны расмий тизме боюнча тактадым.

Ушул мүнөттөргө Жер шарында жашаган калк саны 7 942 734 510 адам деп эсептелинүүдө.

Жыйынтыгында Нобелдин тынчтык сыйлыгынын бир лауреатына дүйнөнүн 248 миллион (кичине көбүрөөк) адамы туура келет.

Башкача айтканда, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты – өтө аз кездешчү позиция. Анан да бул өзү аябай татаал кесип, кыйындын кыйын иши, опсуз оор жүк.

Ошондуктан айрымдары чын эле Нобелдин тынчтык сыйлыгынын татыктуу лауреаты болушат, айрымдары болсо жөн эле сыйлыкты алып, сүйлөп, анан жашоо-турмушун уланта беришет. Мына ушул 32 адамдын ичинде ар кыл мисалдар бар. Арадан бир аз убакыт өтөт, ошондон кийин мына ушул шартта эмне үчүн башкача болгонун түшүнөбүз. Күтүү керек. Убактысы келе элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG