Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Ноокенде электр тармактар ишканасынын эки кызматкери кармалды


Ноокен.
Ноокен.

Жалал-Абад облустук милициясы Ноокен районунун электр тармактар ишканасынын эсепчиси жана инженери мамлекетке 9,5 млн. сом зыян келтирген деп кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, эсепчи менен инженер Ноокен районунда жайгашкан юридикалык мекеме-ишканалардан электр энергиясына болгон төлөмдөрүн "РСК Банктан" төгүлгөн деп жалган маалыматтарды көрсөтүп киргизип жүргөн.

"Эки кызматкер 2015-жылы 1 млн. 47 миң, 2016-жылга 2 млн, 935 миң, 2017-жылы 2 млн. 600 миң, 2018-жылы 3 млн. сом акча каражатын ыйгарып алышкан",-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Жалал-Абад шаардык сотунун 15-декабрдагы чечими менен эсепчи тергөө абагына камалып, инженер үй камагына чыгарылды. (TA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG