Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен кимдер депутат болду?


Ант берүү аземи (архивдик сүрөт)
Ант берүү аземи (архивдик сүрөт)

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун бирдиктүү округ боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды.

Парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өттү. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" - 222 005 добуш же 17.32%, "Ишеним" - 174 470 добуш же 13.61%, "Ынтымак" - 141 009 добуш же 11.00%, "Альянс" - 106 955 добуш же 8.35%, "Бүтүн Кыргызстан" - 90 223 добуш же 7.04%, "Ыйман Нуру" - 79 025 добуш же 6.17% алды деп жарыяланды.

БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык "Ата-Журт Кыргызстан" – 15, "Ишеним" - 12, "Ынтымак" - 9, "Альянс" - 7, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандат алды.

30% гендердик квотаны сактоо боюнча мыйзамга ылайык "Ата-Журт Кыргызстандан" – 5, "Ишенимден" – 4, "Ынтымактан" – 3, "Альянстан" – 3, "Бүтүн Кыргызстандан" – 2, "Ыйман Нурунан" 2 аял депутат болот.

БШКнын сайтындагы партиялык тизме боюнча депутат болгондордун өмүр баяны төмөнкүдөй:

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы:

Бакыт Төрөбаев, 48 жашта. Ушуну менен Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болду. Парламенттин бир нече жолку депутаты, энергетик Эргеш Төрөбаевдин уулу. 2007-жылы бийликчил "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Эки жыл өтпөй өкмөткө кызматка өтүп, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.

Бул кызматтан 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин кетип, ошол жылы күзүндө “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланып келген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Төрөбаев өз алдынча “Өнүгүү-Прогресс” деген партия түптөп, 13 мандат алган. Аталган партия айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, элге бир катар убадаларды берген. Жогорку Кеңеште Төрөбаев жогорку кызматтарды мелжеп, өз күчүн сынап көрдү.

2016-жылы парламенттин төрагалыгына талапкерлигин койсо, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болуп аттанган. Бирок шайлоо жүрүшүндө Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Төрөбаев катышкан эмес. Мындай чечимин шайлоо таза эмес өтөрүн алдын ала билгени менен түшүндүргөн. Быйыл бийликчил делген партиянын тизмесинде төртүнчү жолу депутаттыкка шайланды.

Фархат Исмаилов, 38 жашта, жеке ишкер. Кыргыз улуттук университетинде окуган. Иниси Нурбек Исмаилов Ош мэриясына караштуу “Ош – Тазалык” ишканасынын жетекчиси.

Таалайбек Сарыбашов, 50 жашта, Ош шаарынын мурдагы мэри. Эмгек жолун ишкерликтен баштаган Сарыбашов жетекчилик кызматка 2012-жылы келип, Алай районунун акими болуп дайындалган. Үч жыл өтпөй Ош облусунун губернаторлугуна көтөрүлүп, 2018-жылы Ош шаарынын мэрлигине шайланган.

Быйыл Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп келип, 10 күн өтпөй кызматтан кеткен. Мындай кадамын парламенттик шайлоого катышуу каалоосу менен түшүндүргөн.

Шайлоо өнөктүгү учурунда БШКга Сарыбашовдун жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү боюнча арыз түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана “Апрель” телеканалы Сарыбашов Орусиянын жараны экенин айтып чыккан. Ал өзү диплому жана кош жарандыгы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Айбек Маткеримов, 41 жашта. Кесиби боюнча акушер-гинеколог. 2021-жылы түзүлгөн “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери.

2005-жылдан бери Ош жана Жалал-Абад облустарындагы төрөт үйлөрүндө иштеген. Буга чейин саясатка аралашпаган Маткеримов былтыр парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен катышкан. Быйыл бийликтин партиясы экени айтылган “Ата-Журт Кыргызстандын” тизмесин баштап барды. Ал мындай секирикти УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе болгону үчүн жасаганы саясий чөйрөдө айтылып келет. Маткеримов Ташиев менен туугандык байланышын четке кагып, бирок УКМКнын жетекчисин "үлгү алчу инсан" деп сыпаттаган.

Жеңишбек Токторбаев, 53 жашта, жеке ишкер. 2004-2008-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин активдүү тарапташы катары белгилүү. 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду бошотуу талабы менен өткөн митингдерге катышкан.

Башкы прокуратура Жеңишбек Токторбаевге, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев жана дагы эки адамга "массалык башаламандык, бейбаштык беренеси" менен кылмыш ишин козгоп, сот үч жылга шарттуу кескен. Токторбаевдин сот чечими ушул жылы жайында жокко чыгарылган.

Равшан Сабиров, 51 жашта. Ош облусунда туулуп-өскөн. Эмгек жолун жеке ишкерликтен баштаган, 2000-жылдардын аягында коомдук иштерге активдүү аралашкан.

2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” партиясы менен депутат болуп шайланган. Ушул партиянын квотасы менен Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчи болуп дайындалган. Бирок бир жыл өтпөй чет элдик жарандардын бала асырап алуусуна уруксат берүүдөгү ири коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Сот аны беш жылга эркинен ажыраткан. Бир жылдан кийин мунапыс менен эркиндикке чыккан. Коомдук саясий турмушка көп аралашпаганы менен учурдагы президент Садыр Жапаровду колдогон иш-чараларда көрүнүп калчу. Былтыркы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттө алгач вице-премьер, кийин президенттин кеңешчиси болду.

Равшан Сабиров Кыргызстандагы Рудаки атындагы тажик диаспорасынын төрагасы.

Элдар Сулайманов, 36 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Соңку жылдары жеке ишканаларда иштеп жүргөн. Экс-министрдин уулу саясатка быйыл жазында өткөн Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, калаа депутаты болгон. Эми парламентке келип отурат. Жаңы депутаттын атасы Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголгон. Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен издөө жарыяланган. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу маалым болгон.

Алишер Козуев, 37 жашта. Кара-Суу районунда туулуп-өскөн. “Россия нефть” компаниясынын негиздөөчүсү. Буга чейин ишкерлик менен алектенген Козуев 2020-жылдагы шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. Ал негиздеген “Россия нефть” компаниясы Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова менен бизнес өнөктөш экенин журналисттер иликтеп чыккан.

Жаныбек Кыдыкбаев, 36 жашта. Ысык-Көл облусунда туулган. Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университетти аяктаган. 2010-жылдан тарта жеке ишканаларда иштеген, 2021-жылы “Витязь” пансионатынын директору болуп дайындалган. Мындан сырткары “Айылым – Маман” фондунун жетекчиси.

Жылдыз Садырбаева, 51 жашта. Нарын шаарында туулган. Санкт-Петербургдагы медициналык университетти аяктаган. 1997-жылы фармацевтикалык компания түптөгөн. Учурда дарыканалар түйүнүнө ээлик кылат. "Чоң казат" партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевдин жакын тууганы.

Жамиля Исаева, 45 жашта, 2019-2021-жылдары өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунда директордун орун басары болуп иштеген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин жубайы. Күйөөсү камакка алынган учурда аны колдоо акцияларына активдүү катышып жүрдү. Быйылкы шайлоодо Канатбек Исаев депутаттыкка ат салышуудан баш тарткан.

Надира Нарматова, 63 жашта. Ош облусунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча мугалим, алгач мектепте, кийин партиялык кызматтарда эмгектенген. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Депутат кезинде Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды "Чет элдик агент катары таануу жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштаган. Кийин парламент бул мыйзамды четке каккан. Нарматова 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан – Эмгек” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен барган.

Камила Талиева, 53 жашта. Баткендин Лейлек районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча филолог. Бир нече жыл Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Эки жыл өтпөй дал ушул партиянын квотасы менен вице-премьер-министр болуп, 2014-жылы алты ай Маданият министрлигин жетектеген. Өкмөттө иштеген мезгилинде Талиева 12 катчы, 13 айдоочу жана 15 жардамчы алмаштырганы парламентте айтылган эле.

Таалайбек Масабиров, 55 жашта. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун машыктыруучу, милиция кызматкери болуп баштап, 1998-жылы бажы кызматына өткөн. Бул органда бир катар жетекчилик кызматтарга дайындалып, 2009-2015-жылдары бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен депутаттыкка шайланган. Масабиров спортчу катары да таанымал. Ал дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимовдун күйөө баласы.

Гүлшаркан Култаева, 49 жашта, Аксы районунда туулуп-өскөн. Кесиби боюнча бухгалтер. Култаева алгач жеке ишканаларда эсепчи болуп иштесе, кийин өзү бизнес түптөгөн. 2016-жылы Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан ат салышкан.

"Ишеним" партиясы:

Медербек Алиев, 35 жашта. Кесиби боюнча юрист. 2010-жылы Кыргыз-орус Славян университетин бүтүргөн. Кесиптик ишмердигин адвокат болуудан баштап, депутат Равшан Жээнбековдун жардамчысы, Экономика министрлигинде, Бишкек мэриясында иштеген. 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп, коомчулукка таанылган. Анда Алиев президенттик башкаруу системасына өтүүнү активдүү колдогон эле. 2021-жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Алиев Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары Кубаныч Момбековдун уулу.

Эмил Жусупов, 30 жашта. Ош юридикалык институтун аяктаган. Оштогу бир катар курулуш компанияларда иштеген. Учурда “Эмаком Холдинг” деп аталган курулуш компаниясын жетектейт. Жусупов 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмесинен ат салышкан.

2020-жылы Ошто Сулайман-Тоонун жанында көп кабаттуу үйдүн салынганы боюнча чырда “Эмаком” курулуш ишканасынын аты аталган.

Жылдыз Таалайбек кызы, 31 жашта. Кочкор районунда төрөлгөн. 2012-жылы Борбор Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2012-2014-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департементинде иштеген. Таалайбек кызынын ата-энеси Бишкектеги мончо жана спа-салондор түйүнүнө ээлик кылары белгилүү.

Жаңыдан депутат болгон Жылдыз маркум атасы Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фондду дагы жетектейт. Бул фонд Кочкор районунда мектеп жана башка социалдык объектилерди куруп бергени кабарланган.

Сүйүн Өмүрзаков, 53 жашта. Ош облусунун Ылай-Талаа айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда дене тарбия мугалими деген кесипке ээ болгон. 1996-жылы Беларустун Ички иштер министрлигинин академиясынан юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. Ошондон бери Өмүрзаков ички иштер органдарында иштеп келатат. Ал он жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп, Ош шаардык, кийин облустук милицияны башкарган. 2016-2021-жылдары ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. Өмүрзаковдордун үй-бүлөсү Оштогу “Мухаммед-Умар” спорт клубдарына ээлик кылат. Иниси, Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков былтыр көмүр кениндеги рейдерликке шектүү катары кармалып, кийин кызматтан кеткен.

Нурбек Сыдыгалиев, 48 жашта. Жумгал районунда туулуп-өскөн. 1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинде экономист адистиги боюнча билим алган.

2012-2016-жылдары өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген. 2017-жылы парламентте “Ата Мекен” фракциясында иштеп, 2019-жылы Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна депутат болуп келген. Кийин вице-спикер болуп шайланган. Сыдыгалиев 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

Марат Мураталиев, 48 жашта. Талас облусунда туулуп-өскөн. 1989-жылы Фрунзе кооперативдик техникумун, 2013-жылы Талас технологиялык институтун аяктаган. Бир нече жыл жеке ишкерлик менен алектенген Мураталиев 2010-жылдан тарта Таласта жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. 2017-2020-жылдары өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматын аркалады.

Агасы Байымбет Мураталиев кезегинде Талас облусунун губернатору болгон.

Бахридин Шабазов, 37 жашта. Каракол шаарында туулган. 2005-жылы Кыргыз юридикалык академиясын аяктаган. “Элит Хаус” курулуш компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири. Бишкектеги "Премьер отель" мейманканасынын ээси.

Улугбек Ормонов, 57 жашта. Өзгөн районунда төрөлгөн. 1986-жылы Орусиядагы Воронеж жогорку окуу жайын инженер-электротехник кесиби боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги Аспап куруу (учурдагы Дастан) заводунан баштап, аталган ишкананын жетекчилигине чейинки кызматка жеткен. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2007-жылы бийликтеги “Ак жол” партиясы менен депутаттыкка кайра келип, парламенттеги фракциясын башкарган. 2016-жылы “Бир Бол” партиясынан парламентте мандат алган.

Руслан Жакышов, 47 жашта. Талас облусунун Таш-Кудук айылында туулган. Эмгек жолун Бишкектеги жүргүнчү ташыган айдоочулардын бригадири болуп баштап, кийин Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгында иштеген.

2017-жылы Бишкек шаардык кеңешинде “Руспублика - Ата-Журт” партиясынан депутат болуп, спикердин орун басары болгон. 2021-жылы жазында Бишкек шаардык кеңешине “Эмгек” партиясынан ат салышкан.

Миргүл Темирбаева, 42 жашта. Баткендин Лейлек районунда туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетин котормочу адистиги боюнча аяктаган. Жеке ишкер. Учурда "Сырма Текстиль-Бишкек" компаниясынын директору.

Айсара Абдибаева, 56 жашта. Нарын облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетинен экономист адистигин аяктаган. Бул депутат жөнүндө ачык булактарда көп деле маалымат жок. Өлкөдөгү банктарда иштегени көрсөтүлгөн.

Чолпон Султанбекова, 52 жашта. Орусиядагы Мичуринск педагогикалык институтун аяктаган. Ал 2005-жылы киши колдуу болгон Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин жубайы. 2010-жылы “Республика” партиясынан, 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2016-2018-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген.

"Ынтымак" партиясы:

Эрулан Көкүлов, 35 жашта. Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Коомчулукка блогер катары таанымал.

2018-жылдан бери “Не сахар” долбоорунун алып баруучусу. Блогер мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ашкерелөөгө аракет кылганы менен таанылган. Тез тамактануучу жайларда түзүлгөн шарттар, сапатсыз эт азыктары тууралуу берүүсү коомчулукта талкуу жараткан.

Көкүлов былтыр 4-октябрда өткөн чуулгандуу парламенттик шайлоого “Реформа” партиясынан катышкан. Шайлоо бүткөндөн кийин партиядан чыкканын жарыялаган.

Шарапаткан Мажитова, 66 жашта. Ноокен районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1993-жылга чейин Аксы районунун Кербен айылындагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим болуп иштеген. Бажы тармагында юрист, кийин ишкерлик менен алектенген. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, алты ай өтпөй мандатын тапшырган. Ал муну “ар ким пайда көбүрөөк алып келчү жерде иштеши керек” деп түшүндүргөн. Бул жолу "Ынтымак" партиясынын тизмесинен шайланган Мажитова парламенттеги депутаттардын эң улуусу болгондуктан, алгачкы жыйынды алып барат.

Талант Мамытов, 45 жашта. Майлуу-Суу шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин укук таануу бөлүмүн аяктаган. Мамытов соңку 10 жылдан бери саясатта жүрөт. Кесиптик жолун прокуратура органдарынан баштап, 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен парламент депутаттыгына шайланган. 2012-жылы Кумтөр кени боюнча митингге Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге катышып, кийин камалып чыккан. 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынан экинчи ирет депутат болгон, былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо "Кыргызстан" партиясы менен катышкан.

Былтыр октябрда бийлик алмашкан соң Садыр Жапаровдун жакын адамдарынын бири катары парламент төрагалыгына шайланган. Быйыл парламенттик шайлоодо талапкерлигин каттатууда "мыйзам бузулган" деген түшүндүрмө менен Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытовду шайлоодон четтеткен. Бирок Жогорку сот БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Мурадил Сыдыков, 42 жашта. Ак-Талаа районунда туулуп-өскөн. Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетин “инженер-энергетик” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2001-2003-жылдары OREMI ачык акционердик коомунда инженер-конструктор болуп иштөөдөн баштаган. 2003-2006-жылдары Бишкек шаарынын №4 турак жай-эксплуатациялоо башкармасынын инженери, өндүрүш мастери, “Чыңдоо” курулуш компаниясында башкы инженер болгон. 2003-2006-жылдары “Интер Альянс” компаниясынын курулуш филиалында инженер, башкы энергетик. 2008-2011-жылдары Profit Express компаниясынын аткаруучу директору. 2011-жылдан бери “МС Билдинг” компаниясынын башкы директору.

Бакыт Тентишев, 35 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинн “экономика жана ишканаларды башкаруу” адистигин аяктаган. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевдин уулу. Эмгек жолун “Транс Азия” ишканасында башкы директордун орун басары болуп баштап, кийин Салык кызматында иштеген. Акыркы жылдары үй-бүлөсү ээлик кылган Канттагы Тентишев атындагы Азия медициналык институтун жетектейт.

Марлен Маматалиев, 40 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин уулу. Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата- Журт” партиясынан депутат болгон.

Былтыр 4-октябрда өткөн чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил делген “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. Быйылкы шайлоодо “Ынтымак” партиясын алгач жергиликтүү кеңешке, кийин Жогорку Кеңешке баштап барды.

Балбак Түлөбаев, 49 жашта. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 1990-1992-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетинен, кийин Стамбул университетинин (Түркия) токой чарба факультетинен инженер кесиби боюнча билим алган.

Эмгек жолун “Корис интернейшнл” француз-түрк камсыздандыруу ишканасында баштап, кийин Токой чарба агенттигинде, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында эмгектенип, жетекчинин орун басарлыгына чейин жеткен. Апрель ыңкылабынан соң “Айат” гезитинде редактор, “АЮ Холдинг” ишканасында вице-президенттикти аркалаган. 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалган. Кийин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган. Былтыр октябрь окуяларында жаңы бийликти таанырын биринчилерден болуп жарыялаган. Ушул эле жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп, бирок жарым жыл өтпөй кызматтан кеткен.

Аида Исатбек кызы, 30 жашта. Чүй университетин аяктаган. Жеке ишкер. 2014-жылдан бери “Нурс Мебель” ишканасынын башкы директору. Былтыр Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын башчысы болуп дайындалган.

Лейла Лурова, 43 жашта. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Дан азыктары өндүрүштүк бирикмесинде баштап, кийин бир нече жеке компанияда иштеген. 2004-жылдан бери LBS Milk ЖЧКсынын башчысы. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Республика” партиясы менен катышып, тизмеде 12-орунда болгон.

"Альянс" партиясы:

Алтынбек Сулайманов, 49 жашта. Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмдөрүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2020-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке келген. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясы менен парламенттик шайлоого катышты. Катарына мурдагы жетекчилер кирген партия 12 мандатка ээ болгон.

Маалымат каражаттарында Сулаймановдун кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу бир нече материалдар жарык көргөн. Бирок депутат анын баарын четке кагып келет. Депутат соңку жылдары шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкаруу системасын бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Чыңгыз Айдарбеков, 44 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн тарта эле Тышкы иштер министрлигине кызматка кирип, бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтерде иштеген. 2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси, 2018-жылы тышкы иштер министри болгон. Былтыр октябрь окуяларынан соң кызматтан кетип, ал кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясат жана инвестициялык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок бул кызматта бир нече ай гана иштеди.

Гүлкан Молдобекова, 57 жашта. Талас облусунда туулуп-өскөн. Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн. 2015-жылы Кыргызстан Социал-демократтар партиясынан депутат болуп шайланганга чейин ар кыл окуу жайларда мугалим болуп иштеген. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун жубайы. Бул уюмдун айрым өкүлдөрү Молдобекованы ушул тармактагы мыйзам долбоорду лобби кылып, демилге көтөргөн деп сындашкан. Депутат бул дооматты четке каккан.

2020-жылдагы талаштуу шайлоого Молдобекова “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.

Азамат Исираилов, 33 жашта. Ош шаарында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2013-жылы үй-бүлөсү ээлик кылган "Карасуу Дан-Азык" ишканасында баштаган. Кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүндө, соңку жылдары Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгында эмгектенген.

Нилуфар Алимжанова, 30 жашта. Ноокат районунда туулган. Кыргыз-орус Славян университетин аяктаган. Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөөчү борборунун башкы адиси.

Фархад Алимжанов, 33 жашта. Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун "Ак-кыйын" ишканасында баштаган. 2020-жылкы шайлоодо "Бир Бол" партиясынын тизмесинен парламент депутаттыгына ат салышкан.

Жаңы депутаттын атасы Ош шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Айбек Алимжанов 2006-жылы киши колдуу болгон. Учурда Фархад Алимжанов атасынын атындагы кайрымдуулук фондду жетектейт.

Токтобүбү Оргалча, 49 жашта. Кытайда төрөлгөн, этностук кыргыз. Бээжин шаарындагы медициналык университетти бүтүргөн. 2013-жылга чейин Кытайда алгач ооруканада, кийин жеке ишкер болуп иштеген. 2013-жылы Кыргызстанга келип, ишкерлик менен алектене баштаган. Ал "Шыдыр жол" компаниясына ээлик кылат. Кыргызстанга жүргүнчү ташыган автобустарды алып келген. Бул компаниянын автобустары президенттин жубайы Айгүл Жапарова жетектеген "Үмүт булагы" фондунун атынан быйыл жазында шаардыктарды ташыганы маалым болгон.

БШКнын алгачкы жобосу боюнча бул партиядан 30% гендердик квотага ылайык, эки аял мандат алмак. Анда мандат ЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты Жанар Акаевге тиймек. Бирок шайлоодон соң БШК жобого өзгөртүү киргизип, Токтобүбү Оргалчанын мыйзам чыгаруу бийлигине келишине жол ачты. "Альянс" партиясынын жетекчилиги жобонун өзгөртүлүшүн "мыйзамсыз" деп, сотко кайрыларын билдирди.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы:

Адахан Мадумаров, 56 жашта, партиянын лидери. 1995, 2000 жана 2005-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол кезден баштап кыргыз саясатынын активдүү оюнчуларынын бири. Мадумаров Март ыңкылабынан соң вице-премьер-министр, мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ак Жол" партиясын баштап барып, спикер болгон. Бирок жарым жыл өтпөй "жаңгак чырынын" арты менен кызматтан кеткен. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектеген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен үч жолку парламенттик шайлоого катышты. Алгачкы эки шайлоодо партия босого чекке бир аз гана жетпей калса, былтыр жеңишке жеткен. Мадумаров бул убакыт аралыгындагы үч жолку президенттик шайлоого катышып, үчилтикке кирген.

Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы азыркы бийликке негизги оппозициячыл күч катары парламентке кирет.

Исхак Масалиев, 61 жашта. Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери. Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин уулу алгач укук коргоо органдарында, кийин бажы тармагында иштеген. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу менен саясатка аралашкан. Андан бери парламентке төрт жолу депутат болду.

2012-жылы Салык кызматынын төрагасы болуп эки жылга жакын иштеген.

Гуля Кожокулова, 56 жашта. Бишкек шаарында туулган. Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн соң прокуратура тармагында эмгек жолун баштап, Бишкектин Ленин районунун прокурорлугуна чейин жеткен. Соңку жылдары сот системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлордо эмгектенет.

Эмил Токтошев, 47 жашта. Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн. Жеке ишкер болуп эмгек жолун баштаган. Саясатка 2015-жылы "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка шайлануу менен аралашкан. Алтынчы чакырылышта бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болгон.

Жаңы Конституциянын долбоорун демилгелеген депутаттардын бири болгону айтылып, бирок аны кийин четке каккан.

Алишер Эрбаев, 48 жашта, каржы полициясында, УКМКда, бажыда иштеген. "Улуттук электр тармактары" ишканасында жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Орозайым Нарматова, 27 жашта. Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Ал соңку беш жылдан бери жарандык активист катары коомдук иштерге аралышып келет. Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Ал түзгөн "Мекенчил" партиясынын мүчөсү болуп, саясатчыны абактан чыгарууну талап кылган акцияларга катышкан.

Нарматова былтыркы талаштуу шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.

Садыр Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сынга алган. Быйыл 10-сентябрда Нарматованы Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткен. Коомчулуктун катуу нааразылыгынан соң милиция суракка Бишкекке алып келгенин билдирген. Нарматова жетинчи чакырылыштагы депутаттардын эң кенжеси болот.

"Ыйман Нуру" партиясы:

Нуржигит Кадырбеков, 44 жашта. Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Ош мамлекеттик университетинде окуп, кийин АКШ, Жапонияда билимин өркүндөткөн. Эмгек жолун Ош университетинен баштап, кийин Тышкы иштер министрлигинде, президенттик администрацияда иштеген. 2015-жылы "Ыйман" фондун башкарган. Акыркы үч жылда алгач маданият министринин орун басары, октябрь окуяларынан соң министр болуп иштеди.

2020-жылы Кадырбеков "Ыйман Нуру" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу ат салышкан. Анда шайлоодогу мыйзамсыздыктан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Султанбай Айжигитов, 63 жашта. Жогорку окуу жайды Ригада "жарандык авиациянын инженери" деген кесип боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун "Манас" аэропортунда баштап, кийин коопсуздук кызматында эмгектенген. 2005-жылы Баткен облусунун губернаторлугуна дайындалып, үч жыл турган. 2010-жылы президенттин чек ара маселелери боюнча кеңешчиси болгон.

Динара Ашимова, 48 жашта. Ош облусунда туулган. Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн соң 20 жылга жакын прокуратура тармагында иштеген. 2016-жылдан бери Ашимова "Глобал консалтинг" юридикалык компаниясын жетектейт.

Замирбек Мамасадыков, 40 жашта. Таш-Көмүр шаарында туулган. Жалал-Абад коммерциялык институтунун Экономика факультетин бүтүргөн. Алгач айыл чарба кооперативинин жетекчиси, кийин Жалал-Абаддагы банктарда эмгектенген. 2013-жылдан бери Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысы.

Винера Раимбачаева, 53 жашта. Жалал-Абад шаарында туулган. Кесиби боюнча акушер-гинеколог. 1996-жылдан тарта Чүй облусундагы ар кыл ооруканаларда дарыгер болуп иштеген. Учурда Сокулук районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акушер-гинеколог болуп эмгектенет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда 90 депутаттын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмек. БШК бир мандаттуу 35 округдун жыйынтыгын чыгарды. Чүй-Кемин округунан уткан талапкердин кош жарандыгы текшерилип жаткандыктан, аталган округ боюнча шайлоо жыйынтыгы чыга элек.

Биринчи май жана Свердлов округдарындагы шайлоодо "баарына каршы" добуш бергендер көп болгондуктан, эки округда кайра шайлоо өтөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG