Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Депутаттар Бишкек мэрин сындап чыкты


Бишкек
Бишкек

Бишкек шаар кеңешиндеги айрым депутаттар мэрден калаанын өнүгүшү үчүн чогуу иштөөнү талап кылышты. Эксперттер мындай тиреш баш калаанын өнүгүшүнө тоскоолдук гана жаратарын айтышууда.

"Эл өкүлдөрүн сыйлабасаңыз да, элди сыйлаңыз"

10-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде өткөн жыйында "Ишеним" партиясынын депутаты Рысбай Аматов бир нече күн мурда мэриянын аппарат башчысы Миргазы Исаковдун колу коюлган катты сынга алды.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

"Биз буга чейин көп мэрлер менен кызматташып келдик. Акыркы үч чакырылыштын депутаты катары айтып коеюн, баары биз чакырган мезгилде келип, шаар көйгөйүн талкуулаган отурумдарга катышууга убактысы бар болчу. Аппарат башчынын колу коюлган катты биз түшүнбөдүк. Баш мыйзамдагы берилген укукту аппарат башчысы болобу, Кудаяр хандын баласы болобу, тебелөөгө акысы жок. Эл өкүлдөрүн сыйлабасаңар, элди сыйлагыла. Шаарда көйгөй көп, жумуш убактысы аз. Бирок биз да ошону чечели, сиздерге жардам берели ден чын ниеттен бул жерге чогулуп атабыз".

Бишкек шаар кеңешинин курамын кабатыр кылган каттын мазмуну 7-декабрда белгилүү болгон. Анда аппарат башчысы Миргазы Исаков депутаттарды мэриянын кызматкерлерин өз отурумдарына чакырып, аларды негизги ишинен алагды кылбоого үндөгөн.

Каттын мазмуну жакпай калган депутаттар 10-декабрдагы отурумуна мэр Айбек Жунушалиевди жана төрт райондун акимин да чакырууну талап кылышкан.

"Кызматташууга даярбыз"

Отурумда мэр Айбек Жунушалиев депутаттардын сынын угуп, каттын мазмунун түшүндүрүүгө аракет кылды.

Өзүнүн жүз күндүк иши учурунда шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө кылып жаткан аракеттери тууралуу айтты.

Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

"Жүз күн ичинде бир айды шайлоо өнөктүгү алып койду. Отурумдар болгон жок. Ошондуктан, алыстап кеткендей сезилип жатса керек. Бул кат мени менен макулдашылган, сөз болгон. Мага вице-мэрлер, жетекчи кызматтагы адистер "иш көп, жетишпей жатабыз" деп даттанышкан. Ошондо "мыйзам жол берсе уюштуруу иштерине карап, түшүндүрмө бергиле" дегем. Мен сиздер айтып жаткандай, өзүмдү пиар кылган жокмун. Жаңы конушта жүрүп, журналисттерге жүз күндүк ишим тууралуу айтууга кайра эле силердин социалдык тармактарга, басылмаларга чыккан сын пикириңер түрткү болду".

Жунушалиев 9-декабрда Жер Ынтымагы конушунун тургундарына үйлөрүнүн техникалык паспортун тапшыруу иш-чарасында журналисттердин суроосуна жооп берген. Анда ал "шаардык кеңеш мэрия жетекчилерин жыйынга чакырууда пландап иш кылышы керек" деген сөздү айткан.

“Алар себепсиз деле органдардын жетекчилери бир күн кечке шаардык кеңештин жыйынында отурганын каалашат. Алар өз милдеттерин так аткарышы керек. Биз ал жыйындарга катышканга даярбыз. Качан план бекитилип, кайсы бир тапшырмалар болгон учурда, азыркы мыйзамдын чегинде катыша алабыз”, - деген мэр.

Максат Алымбеков.
Максат Алымбеков.

"Ынтымак" партиясынан мандат алган депутат Максат Алымбеков шаарды өнүктүрүүгө багытталган айрым долбоорлор акча табылганы менен ишке ашпай турганын белгилеп, бул үчүн мэриянын ишин сындады.

"Бир нече көчөлөрдү бүтүрүүгө, Ак-Босогодогу сквердин курулушуна акча өткөн кышта эле табылган. Жок эмес бар. Бирок эмне үчүн жасалган жок? Анткени, иштегиси келбейт. Мен сизге фракция лидеринин орун басары катары вотсаптан жазып, кайрылгам. Бирок жооп болбоду. Минтип отурсак, иш жүрбөйт, шаар өнүкпөйт, элдин нааразылыгы күчөйт".

Жыйында шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев мэрия менен шаардык кеңеш куштун эки канатындай бирдиктүү иштөөгө тийиш экенин эскертти.

Бишкек мэриясынын мурдагы кызматкери, экс-вице-мэр Балбак Түлөбаев да Фейсбуктагы баракчасынан тирешкен эки тарапты ынтымакка чакырды.

"Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңешин сабырдуулукка чакырам. Мурда иштеп кеткен кесиптешиңер катары тез арада мунасага келип шаардын көйгөйүн чечүүнү өтүнөм. Кыш келди. Бул тирешүү эки тарапка тең зыян", - деп жазды Түлөбаев.

Айбек Жунушалиев быйыл 26-августта шаардык кеңеш тарабынан шайланган. Коомчулукта анын жүз күн ичиндеги ишине көз салгандар, борбор калаада майнаптуу иш бүтпөгөнүн сынга алышууда.

Журналист Аскер Сакыбаева мэриянын ишин шаардык кеңеш көзөмөл кылбаса, анда элдин көзөмөлү да жок деп айтууга болот деген пикирде:

"Азыркы мэрдин ишке киришкенине 100 күн болду деп жатат. Бирок анын кандай иштерди аткарганы белгисиз. Мурдагы мэрлердин тушунда биз социалдык тармактардагы баракчаларынан алардын эмне иш кылып, кандай чараларды көрүп жатканын билип, окуп турчубуз. Азыр андай жок. Аба ырайы жылуу болуп, отун-сууга, көмүргө талап мурункудай эмес. Эгер күн сууктап, аба булганса мэр кандай чараларды көрө турганы белгисиз".

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. 26-августтагы отурумда ага шаардык кеңештин 45 депутаттын 43ү добуш берген.

"Вертикалдуу бийликтин оң-терс жактарын эми көрөбүз"

Жаңыланган Конституцияга жана ага шайкеш келтирилген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык райондун администрация башчыларын жана облустук деңгээлдеги шаар мэрлерин президент дайындайт.

Экс-вице-премьер-министр, парламенттин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева жаңы мыйзамдарга ылайык, мамлекетти башкаруу системасы өзгөргөнүн эске алып, ага ыңгайлашуу зарыл деген пикирде.

Эльвира Сурабалдиева.
Эльвира Сурабалдиева.

"Бул жаңы система. Мамлекеттик башкаруу системасы толугу менен алмашты. Мэрия ошого ыңгайлашып, вертикалдык бийлик менен иштешип жатат. Шаардык кеңеш аны түшүнүп, туура кабыл алышы керек. Алар "биз элдин өкүлүбүз" деп мурункудай эле талап кылышууда. Эми жаңы система толук орногончо, ага көнгөнчө мындай тирештер боло берет. Азыркы учурду пробация убагы деп эсептесек болот. Бийликти жана жоопкерчиликти бир колго өткөрүүгө эл макул болгон. Анын оң-терс жактары эми иш жүзүндө көрүнөт. Эгер мен парламентке кайра шайланып барсам, вертикалдуу бийлик системасынын оош-кыйышы мага да иш жүзүндө көрүнөт деп ойлойм".

Сурабалдиева Бишкек шаарындагы бир мандаттуу округдардын биринен Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышуу ниети бардыгын мурдараак билдирген.

Бишкек шаардык кеңеши "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Өнүгүү-Прогресс", "Ынтымак" жана Социал-демократтар партиясынан куралган.

Бишкек мэрлиги - чуулуу кызмат

Айбек Жунушалиев борбор калааны убактылуу болсо да башкарган жетинчи адам.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин ошол кездеги мэр Азиз Суракматов кызматын тапшырган. Ал Бишкек шаарынын тизгинин 2018-жылы алган.

Суракматов мэрликтен кетер алдында 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындап, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп калган.

Бирок өздөрүн жарандык активист жана Бишкектин тургундары катары тааныштырган адамдар мэриянын алдында митинг өткөрүп, Түлеевдин мэр болушуна каршы чыгышкан. Ушундан улам ал 2020-жылдын 22-октябрында кызматтан кеткенин айтып, мындай чечимди ошол кезде премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан, азыркы президент Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган.

Узакка созулган кызмат талаштан кийин шаардын жетекчилигине экс-вице-мэр Балбак Түлөбаев келген. Бирок ошол кездеги премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Мындан соң президенттин буйругу менен Эрмек Нургазиев аттуу ишкер Бишкек мэрлигине көрсөтүлүп, бирок ал бир күн өтпөй кызматтан алынган. Буга курулуш тармагында иштеген Нургазиевдин аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон.

Мындан соң мэрдин милдетин аткаруучу болуп мурда Чүй облусун башкарган Бактыбек Кудайбердиев келип, борбор калааны жарым жылга жакын башкарган.

Бишкек шаардык кеңеши шайланган соң, август айында калаа башчылыгына Таалайбек Сарыбашов барып, он күн гана иштеп, өз арызы менен кызматтан кеткен.

Иш козголгон калаа башчылар

  • 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев “Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен абактан эрте бошотулган.
  • Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо тарапкерлеринин аракети менен абактан чыгып, ошол бойдон кайткан эмес. Ага издөө жарыяланган.
  • Азиз Суракматов "коррупция" жана "мыйзамсыз баюуга" шек саналып, быйыл 26-майда кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 16-июлда Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип азаттыкка чыккан. Атайын кызмат ал калган каражатты да төлөй турганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG