Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Изилдөө Бишкектеги абанын сапаты зыяндуу чекке жеткенин көрсөттү


Бишкекти каптаган түтүн. Январь, 2021-жыл.
Бишкекти каптаган түтүн. Январь, 2021-жыл.

World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 6-декабрда 170тен ашты. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт.

Уюмдун баасы боюнча азыр Бишкек дүйнөдөгү абасы саламаттыкка өтө зыян жана булганган деген он шаардын катарында турат.

Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 200дөн ашып, 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт.

Мурдагы жылдары кышында, январь-февраль айларында башкалаада жана анын четинде индекс 800дөн ашып кеткен учурлар болгон. Быйыл абанын сапаты ноябрдан тартып эле начарлай баштаганы байкалды.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда.

Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте да тынымсыз жарыяланып келет.

Бийлик ыш, түтүн маселесин чечүү үчүн өткөн айда атайын комиссия түзгөн. Ал кандай иштерди аткарганы азырынча маалымдала элек.

Бишкектеги ыш: көйгөй качан чечилет? | "Эже-сиңдилер"

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG