Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Нур-Султан менен Ташкент соода көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарат


Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев. (Оңдон солго) 6-декабрь, 2021-жыл.
Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев. (Оңдон солго) 6-декабрь, 2021-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Нур-Султанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барды. Аны Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев тосуп алып, эки лидер чакан чөйрөдө сүйлөшүштү.

Жолугушуудан кийин Токаев тараптар 6-декабрда Өнөктөш кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюшарын билдирди. Президент буга чейин эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк принициптерине таянып келишкенин, эми алардын алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, Нур-Султан менен Ташкент соода көлөмүн жакынкы аралыкта беш миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле, эки лидер чөлкөмдөгү коопсуздук маселесин талкуулашты. Токаев Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле канчалык жакшы болсо, Борбор Азиядагы кырдаал дагы ошончолук туруктуу болорун баса белгиледи.

Бул Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайлангандан кийинки чет мамлекетке болгон алгачкы мамлекеттик сапары.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG