Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Жапаров дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотуларын билдирди


Президент Садыр Жапаров жаңы конуштардын тургундары менен жолугушууда.
Президент Садыр Жапаров жаңы конуштардын тургундары менен жолугушууда.

Президент Садыр Жапаров "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъектилерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Бул жарлыкка ылайык Министрлер кабинетине кыргызстандыктарды 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу жана бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялоо тапшырылган.

"Министрлер Кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин", - деп айтылат жарлыкта.

Жарлык тууралуу президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү жазды. Анда президент өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыздоо үчүн сугат жер, кайрак жер жана жайыт үчүн жер салыктан бошотконун билдирген.

Президенттин айтымында, мындай чечим дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдик берүү жана дыйканчылыкты колдоо максатында кабыл алынган. Андан тышкары жаңы жылдан тартып дыйкан-фермерлерге 6% жылдык үстөгү менен насыя бериле баштайт.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Айыл Банк" тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG