Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Абдиева: Аял жетектеген жерде киреше көп


Банур Абдиева.
Банур Абдиева.

Кыргызстанда ишкерликке жаңы кадам таштаган аялдарга насаатчы дайындоо программасы жарыяланды. Аны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Курак” аялдар форуму биргеликте уюштурду. Программанын жетекчиси Банур Абдиеванын айтымында, каалоочулардан арыз кабыл алуу 8-декабра аяктайт.

- Банур айым, “Бизнестеги айымдар” программасынын алкагында тажрыйбалуу ишкерлер жана бизнеске жаңыдан гана аралашып жаткан аялдар тандалып алынат экен. Программанын максаты эмнеде?

- 30 жыл мурун татаал замандарда биздин аялдар чакмак баштыктарын алып, коомубузду алга сүрөп, үй-бүлөсүн багуу максатында коммерция баштап, өлкөнү чогуу алдыга алып чыккан. Бизнес менен оокат кылган аялдарыбыздын үй-бүлөсү ток, балдары билим алууда, дени сак. Аялдардын инвестициясы эң биринчи кезекте өзүнүн үй-бүлөсүнө жумшалат.

Бирок эгер жанында жакшы насаатчысы болбосо, аялбы, эркекпи, бизнестин 80% биринчи же экинчи жылы жабылып калат. Насаатчылык – биздин программанын максаты, кесипкөй ишкерлер аялдарга жардам берет. Экинчи жолу уюштуруп, каалоочуларды чакырып жатабыз.

- Долбоорго кимдер катыша алат? Тандоо жүрөбү?

- “Мен баштасамбы деп ойлонуп жатам” же “Бизнес идеям бар” дегендерди чакыра албайбыз. Бизнес-шакирт катары азыркы учурда иштеп жаткан айымдарды чакырабыз. Ал эми бизнес-устаттар – мейли аял болобу, эркек болобу, чоң корпорациялардын жетекчилери катыша алат.

Былтыр 300дөн ашуун анкета толтурулуп, 45 жуп тандаганбыз. Албетте, сынак негизинде. Быйыл 35 жуп менен иштейбиз.

- Кайсы критерийлер эң негизгиси?

- Мисалы, устаттыкка өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келген, дасыккан, балким, Кыргызстанга таанылган инсан болсо абдан жакшы. Быйыл бизге келип жаткан анкеталарды карасак, арасында "Куликовскийдин" жетекчиси Денис Гайворонский, дүйнөлүк стартап утуп алган Никита Рыжих, бизнесмен Эмил Үмөталиев өзүнүн макулдугун берип жатышат.

Былтыр 45 жуптан 10у аябай мыкты чыккан. 10дун бешөө эл аралык бизнеске жолдомо алды – бул устаттар. Алар үчүн критерий – өз тажрыйбасы менен ыктыярчы катары бөлүшүү, алар жети ай бою биздин шакирттер менен иштөөгө даяр болушу зарыл.

Ал эми шакирттикке бир-эки жыл иштеп жаткан бизнеси барлар катыша алат. Иштей баштаганда башына көп түйшүк түшөт, ошолорду кантип чечебиз деп жети айга максат коёбуз жана жетүүгө шарт түзүп беребиз.

- Сиз жогоруда бешөө эл аралык деңгээлдеги жолдомо алганын айттыңыз…

- Ооба, алар биздин устаттар. Алар ыктыярчы катары иштеп берип жатышат.

- Устат болуу алар үчүн да мүмкүнчүлүк экен да?

- Албетте, эки тарапка тең абдан көп мүмкүнчүлүктөр бар. Жеке мүмкүнчүлүктөн тышкары өлкөгө салым деген чакыруу менен иштеп атабыз.

- Былтыр 300 анкета түшкөн экен, бул устат жана шакирт болом дегендердин жалпы саныбы?

- Ооба, баарын кошкондо ошондой болгон.

- Устат болууга жалаң гана аялдар эмес, эркектер да катыша алат экен. А шакирттик аялдар үчүн ганабы?

- Ооба. Шакирт болгонго жалаң ишкер айымдар чакырылат. Ал эми бизнес-устат позициясына эркек болобу, аял болобу, профессионалдардын баарын чакырабыз.

- Ишкерликтин кайсы багыттарына артыкчылык берилет?

- Ар тармактагы багыттар. Биз приоритет койбойбуз. Андай чектөө жок.

- Аймактарды камтуу маселеси каралганбы сиздерде?

- Албетте, каралган. Таратылуучу маалыматтын баары кыргыз тилине которулган. Кыргыз тилдүү устаттарды да чакыруудабыз. Жуптарды тандап жатканда региондор боюнча ылайыкташтырабыз. Программа ыңгайлуу, максималдуу пайда алып келе тургандай максатты көздөйбүз.

- Иш жүзүндө кандай болот? Бир жерде отуруп окушабы же устаттар шакирттерге барабы? Уюштуруу жагы, формасы кандай болот?

- Негизи бир айда устат менен шакирт эки же үч жолу кезигишет. Андан кем эмес. Алар план түзүшөт. Максатка жетүү планы боюнча "Эмне болуп жатат, кандай кылсак?" деп кезигип турушат. Андан тышкары, программанын аткаруучусу катары биз каржылык сабаттуулук, бизнести пландоо, жаңы продукция же кызмат иштеп чыгуу, маркетинг, сатуу, жаңы рынок табуу, өндүрүштү өнүктүрүү боюнча ар кандай окутууларды уюштуруп турабыз.

Былтыркы программанын алкагында жети ай ичинде 81 жаңы жумуш ордун түзүүгө жетише алышты, 29 жаңы өнүм, кызмат көрсөтүү иштелип чыкты. 14 ишкана бизнес-процессин автоматташтырып алды. 40 бизнес-шакирт окуусун Европалык банктын ноу-хау академиясында аяктоо мүмкүнчүлүгүн алды.

Дүйнөлүк статистиканы карасак, мисалы, эгерде ишканада аял менеджер болсо, эркектерге караганда киреше 15% көбүрөөк болот. Дүйнөлүк дүң өнүмдүн 37% – аялдардын ишкердиги. Ал эми Азия өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 20% барабар. Себеби бул аймакта аялдар үчүн тоскоолдук аябай көп – үй-бүлөдөгү, коомубуздагы тоскоолдуктар.

Негизи аялдардын 84% киреше тапканда биринчи кезекте каржылык эмес, социалдык жана туруктуулук максаттарды көздөшөт.

Жакында, 19-ноябрда ишкер айымдардын бүткүл дүйнөлүк күнүндө биздин экономика министрибиз "Ишкер аялдарды колдоо боюнча мамлекеттик программа иштелип чыкты, буюрса ишке ашырылат" деп айтты. Ал программада көп мүмкүнчүлүктөр бар аялдар үчүн. Насыя, ресурс, өнүгүү боюнча.

Айта кетсем, аймактагы мамлекеттер арасында биздин өлкө мындай программаны акыркылардан болуп кабыл алып жатат. Коңшу өлкөлөрдө – Казакстанда, Өзбекстанда мындай программалар эбак эле кабыл алынган.

Балдарыбыз билимдүү, дени сак, үйүбүз жылуу, үй-бүлөбүз ток болсун десек, ишкер аялдарды, алардын лидерлигин колдошубуз зарыл.

- Демек, сиздердин программа ишин улантып жаткан кыз-келиндер үчүн экен. Бирок иш баштагысы келип, колдоо таба албай же чыгына албай, балким, тартынып, өз күчүнө ишене албай жүргөндөр да жок эмес да…Аларга кандай кеп-кеңешиңиздер бар?

- Андай кыз-келиндерге айтат элем – баарыбыз баштаганбыз. Качандыр бир бирөө кичинекей токоч менен баштаса, кийин балким, кондитердик цехке айланган. Өзүнүн каалаган, жакшы көргөн ишинен баштаса болот. Күнүнө кандайдыр бир кичинекей продукция чыгарып сатса болот. Бул абдан керек нерсе.

Эмне үчүн биздин программа ишин улантып гана жаткандар менен иштешет? Негизи бизнес экиге бөлүнөт. Бизнес жана хобби десек болот. Кээ бирлердики, мисалы, "Мен 100 токоч жасадым, мага ошол жетет" деп хобби бойдон эле калат. А биз масштабка чыга турган, ошол барьерден өтүп, күнү-түнү иштеген айымдарды чакырабыз. Ал дэңгээл – кийинки кадам. Биринчи кадамды өз алдынча өтүү зарыл. Бирок биз жаңыдан гана аралашып жаткандардан баш тартпайбыз, "Курак" аялдар форумубуз бар, ошол жакка чакырабыз, программасыз эле устат болуп берүүгө даярбыз.

- Сиздер менен кантип байланышса болот?

- "Фейсбукта" биздин "Курак" айымдар форуму деген баркчага кирсеңиздер абдан көп кулактандыруулар бар. "Инстаграмда" да "Курак" айымдар форумуна кирсеңиздер кыргызча материалдар көп. Банур Абдиева деген жеке баракчама кайрылсаңыздар да болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG