Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Быйыл чет элде кароосуз калган 16 өспүрүм Кыргызстанга алып келинди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2021-жылдын 11 айында чет мамлекетте кароосуз калган кыргызстандык 16 өспүрүм мекенине алып келинди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 16 өспүрүмдүн экөө Казакстандан, калганы Орусиядан табылган. Баары ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок эле башка мамлекеттин аймагына өтүп кетишкен. Мекенине кайтарылган балдардын үчөө кыз, 13ү эркек.

Алар адегенде Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, профилактикалык иштерден соң туугандарына өткөрүлүп берилген.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл ичинде аталган борбор 1200 бала менен иштеди. Негизинен алар үйдөн жана балдар мекемелеринен өзүм билемдик менен чыгып кеткен, издөөдө жүргөн же ата-энесинин камкордугусуз калган балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG