Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Балдар үйүндөгү тамак-ашка бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйөт


Токмоктогу "Бактылуу балалык" балдар үйү
Токмоктогу "Бактылуу балалык" балдар үйү

Президент Садыр Жапаров бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 1-январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйөт.

Жапаров 3-декабрда Чүй облусунун Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда каражатты көбөйтүү тапшырмасын бергени айтылган.

Беловодское балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору бир баланын тамак-ашына күнүнө 110 сом бөлүнөрүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG