Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Бишкек мэри жолго деген акчанын 360 млн. сому уурдалганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте жол оңдоого бюджеттен каралган акчанын 360 млн. сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" билдирип, прокуратурага кат жолдонгонун айтты.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов 1-ноябрда "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жолдордун курулушуна жумшалмак.

Бишкек шаарынын мэри “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Мэр Жунушалиев иликтөөдө аталган сумма дебитордук карыз экенин бышыктап, анын бир бөлүгүнүн эсеби табылганын белгиледи.

"934 миллион сом дебитордук карыз катары каралат. Бирок анын ичинде мыйзамыз колдонуп, уурдалган акча 360 миллион сомго барат. Мен жаңы конуштарга чыгып, жолдордун курулушун карап жатам. Аягына чыкпай эле токтоп калат, себебин тактаганда акча уурдалган болот".

Бишкекте жол оңдоого байланыштуу коррупциялык иштер жана жолдордун сапаты боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG