Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия


28-ноябрдагы парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кол менен саноо дээрлик аяктаганын, азыр протоколдорду системага киргизүү 99% ашканын билдирди. Ошол эле кезде арыз-даттанууларды кароо уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, 4-декабрга карата добуштардын 99.84% кол менен саналды жана алдын ала жыйынтык боюнча беш пайыздык чектен алты партия өтүп жатат. Мыйзам боюнча добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Азыр БШКнын тиешелүү жумушчу топторунда келип түшкөн арыз-даттанууларды кароого өттүк. Анткени, 2-декабрда участкалык шайлоо комиссияларынын аракетине, чечимине арыз, кайрылууларды кабыл алуу бүткөн. Мындан тышкары бир топ иштер мамлекеттик органдардын кароосунда болуп жатат. Керектүү корутунду, соттук чечимдерди алыш керек. Мыйзам боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгышы керек. Соңку чечим ага жетпей чыгат деп ойлойм”,-деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча партиялык шайлоо системасы менен “Ата-Журт Кыргызстан” 16.99% , “Ишеним” 13.53%, “Ынтымак” 10.98% , “Альянс” 8.15% , “Бүтүн Кыргызстан” 6.94% , “Ыйман Нуру” 6.13% пайыз алууда.

Кол санактын көрсөткүчү автоматтык эсептөө системасынын жыйынтыгынан көп деле айырмаланган жок.

Бирок, 28-ноябрда добуш берүүдөн кийин БШКнын автоматтык эсептөө системасындагы бузуулуудан улам талаш-тартыш чыгып, айрым партиялар бюллетендерди кайра саноо оюнан кайтпай турат.

Добуштарды кайрадан санап чыгуу талабы

“Азаттык” партиясы менен шайлоого катышкан Жылдызкан Жолдошева шайлоонун жыйынтыгы парламенттин VII чакырылышынын легитимдүүлүгүнө шек жаратып турганын белгиледи.

Жылдызкан Жолдошева
Жылдызкан Жолдошева

“Азаттык” партиясы президентке жана БШКга расмий кайрылып, ар бир шайлоо тилкесинин документтерин текшерип чыгууга жана бюллетенди саноого шарт түзүп берүүсүн өтүндүк. Анткени, буга чейин президент Садыр Жапаров, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиялар текшерип чыкса болорун айткан. Эми БШКнын чечимин күтөбүз. Алар биздин шартка макул болбосо, анда Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугуна шек кетет. Анда шайлоо бурмаланган деп эсептеп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз”.

Борбордук шайлоо комиссиясы баардык добуштарды кайрадан санап чыгуу мүмкүн эместигин билдирди. Алардын айтымында, кайсыл бир шайлоо тилкеси боюнча маселе жаралып, ал жерде мыйзам бузулганы аныкталса, анда ошол жердеги бюллетендерди кайра санактан өткөрсө болот. Ага партиянын өкүлдөрү көзөмөл жүргүзө алат.

Добуштардын 97.27% кол менен саналгандан кийинки алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан”- 15, “Ишеним” -12, “Ынтымак” -9, “Альянс”- 7, “Бүтүн Кыргызстан”-6, “Ыйман Нуру” болсо 5 мандатка ээ болушу ыктымал экенин көргөзүүдө.

БШКнын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, мандат ала турган талапкерлердин тизмеси. Кол санак 100% жыйынтыкталгандан кийин добуштардын санында жана талапкерлердин тизмесинде өзгөрүү болушу мүмкүн.

Азыркы учурда бир мандаттуу 36 шайлоо округунан депутат боло турган 34 талапкердин аты-жөнү белгилүү. Ал эми Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан баарына каршы добуштар көп болгон.

Эми ушул эки тилкеде расмий жыйынтык чыккан соң Боршайком кайра шайлоо боюнча чечим кабыл алышы керек. Анын мөөнөтү белгилүү болгондон кийин эки айдын ичинде шайлоо өтөт.


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кайра шайлоо жол-жобосун мындай түшүндүрдү:

“Кайра шайлоо дайындоодо мыйзамда белгиленген мөөнөттөр үчтөн бирге кыскарат. Мисалы, үгүт иштери мурдагыдай бир ай эмес, 20 күн болот. Ошондой эле документтерди кабыл алуу, аларды текшерүүнүн мөөнөтү да кыскарат. Эки айдын ичинде шайлоо жараяны бүтөт”.

90 депутаттан турган Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында эң көп дегенде 17 депутат аял болушу ыктымал. Бул 90 депутаттын 18.89% дегенди түшүндүрөт. Алар партиялык тизме менен шайланып келишти. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип чыккан айым талапкер болгон жок.

Жогорку Кеңеш 60% жаңыланабы?

Азыркы алдын ала тизме өзгөрбөсө, анда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 60% жаңыланганы турат. Шайлоодон жеңип чыккандардын арасында мурда-кийин эл өкүлү болгон 30 талапкер бар. Алардын 23ү алтынчы чакырылыштын депутаттары.

Партиялык система менен шайлоого катышкан 21 партиянын ичинен алгачкы үчтүккө кирген “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы 36 мандатка ээ болду. Алар бийликчил партия катары сыпатталып келет.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек жетинчи чакырылыштын курамы мурдагыдан жакшы болгон жок деп эсептейт.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Жогорку Кеңештин жаңы шайланган чакырылышы президенттин эбегейсиз бийлигин бекемдеп берүү менен алек болот. Анткени, шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу талаштуу маселеде партиялардын, талапкерлердин пикири белгилүү болуп калды. Жеңип чыккан партиялар үн катышкан жок. Алар парламентте принципиалдуу маселе жаралганда деле унчукпайт, бийликке опонент болуп бере албайт. Мындан тышкары эң көп добуш алган үч партия бийликтин долбоору. Ал башынан эле белгилүү болчу. Албетте, жаңы шайланган депутаттардын арасында мыктылары да бар. Бирок алар абдан аз”.

2020-жылы 4-октябрдагы шайлоо бийликтин алмашып кетишине себеп болгон. 28-ноябрдагы парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдагы төртүнчү чоң шайлоо болду. Быйыл январда президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандаган референдум өтсө, апрелде Конституциялык реформа жүргөн. Баарында добуш берүүгө келгендер 40% ашкан жок. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого 3 млн. 703 миң 420 шайлоочунун 34.84% катышкан.

28-ноябрдан кийин шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген партиялар БШКнын алдында эки жолу митинг өткөрүштү.

Боршайкомдун сервериндеги мүчүлүштүк боюнча президент Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да түшүндүрмө беришти.

Талаштуу маселеги чекит коюлбай жаткан учурда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Ал бул окуяны шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болуп, 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG