Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

БШК: Баарына каршы добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бардык талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген участоктордо шайлоо кайра өткөрүлөт. Бул тууралуу 28-ноябрда "Азаттык" радиосунун суроосуна жооп берип жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:

"Ооба, бизде бир катар участоктордо, тагыраагы, Бишкектеги кээ бир участоктордо "баарына каршы" добуштар эң көп добуш алган талапкердикине караганда көп болду. Шайлоо мыйзамынын 37-беренесинде "Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынан аз болсо шайлоо болбой калды деп таанылат" деп жазылган. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт".

Шайлдабекова кошумчалагандай, кайра шайлоо күнүн БШК бир ай ичинде аныкташы керек болот.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 орундун ордуна эми парламентте 90 орун болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG