Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Мырзакматов дүйнө таң калгандай ыплас шайлоо өткөнүн айтты


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдирип, "дүйнө таң калгандай ыплас шайлоо өттү" деди. Мындай пикирин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп бергенде айтты.

"Бийлик дүйнө таң кала турган таза шайлоо өткөрөбүз деп убада беришкен. Азыр дүйнө таң кала турган ыплас шайлоо өттү",- деген Мырзакматов Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК), анын төрайымын алмаштыруу керектигин билдирди.

28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өттү. Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кыскарды. Бул жагдай "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар тарабынан "көз боёмочулук" катары сыпатталууда.

Президент Садыр Жапаров добуш берүү аяктаганда кайрылуу жасап, шайлоо таза өткөнүн белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов шайлоо жыйынтыгын аныктоодогу мүчүлүштүккө БШК мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектегин билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова электрондук системадагы маалыматтардын алмашышын "техникалык мүчүлүштүк" деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG