Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Масадыков электрондук системага сырттан кийлигишүү болбогонун айтты


Таалатбек Масадыков
Таалатбек Масадыков

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков шайлоодо добуш берүүнү камсыздоочу электрондук сервердин ишинде мүчүлүштүк болбогонун журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, добуш берүү аяктаганча эч кандай мүчүлүштүк болгон эмес.

"Президенттин атайын тапшырмасы менен мен сервердин ишине көзөмөл кылууга бекитилдим. Сервер турган жерге сырттан кийлигишүү болгон жок. Эртеден кечке мен өзүм ага көзөмөл кылып турдум. Электрондук системанын үзгүлтүккө учурашы - шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт. Анткени, бардык добуштар кол менен саналып чыкмайынча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкпайт", - деди Масадыков.

Ага чейин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктү "кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн" деп айтып, бул үчүн Боршайком түшүндүрмө бериши керектигин белгилеген.

Саат 20:00дө Кыргызстандагы бардык добушканалар жабылгандан кийин, автоматтык эсептөөнүн алгачкы жыйынтыктары жарыяланган. Ага ылайык "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы эң көп добуш менен 1-орунга чыккан.
"Ишеним" партиясы 24,5% менен 2-орунда, "Ынтымак" -20,7%, "Альянс" -14,9%, "Бүтүн Кыргызстан" -11,3%, "Ыйман нуру" -10,3%, "Эл үмүтү" -8,7%, "Азаттык" - 7,7%, "Ата Мекен" - 6,3%, Социал-демократтар - 6,1% менен 5% босогодон өткөн.


Автоматтык эсептөө системасынын иши орто жолдон үзгүлтүккө учурап, кайра ишке киргенде маалыматтар өзгөрдү. Саат 22:00гө карата 2300гө жакын шайлоо тилкесиндеги добуштардын жыйынтыгын эсептеген электрондук үкөктөрдүн болжолдуу натыйжасы боюнча, алты партия 5% чектен өттү.

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16,70%
  • "Ишеним" - 13,35%
  • "Ынтымак" - 10,65%
  • "Альянс" - 8,09%
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6,65%
  • "Ыйман нуру" - 5,93%.


БШК акыркы жыйынтыктар добуш кагаздары толугу менен саналып бүткөндөн кийин гана чыгарыларын маалымдоодо.

28-ноябарда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Аралаш система менен өткөн шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG