Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Токтакунов: Каршы добуштардын утушу - саясатка ишеним жоктуктун белгиси


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Биринчи май шайлоо округу боюнча талапкер Нурбек Токтакунов аталган округда баарына каршы добуш бергендер көпчүлүктү түзүшүн "жашоонун чындыгы" деп баалады.

"Биздин райондо "баарына каршы" деген талапкер утту. Көбү саясатчыларга, талапкерлерге ишенбей калган. Аны дагы түшүнүш керек. Каршы бергендерге дагы ыраазымын, анткени үйдө отурбай добушун беришти. Бул биздин жашоонун чындыгы. Эми кайра шайлоо өтүшү керек. Шайлоо өткөргөндө мурдагы талапкерлер катыша алабы-жокпу, ошол ойлондуруп жатат. Мен өзүмө ыраазымын. Үч миңден ашуун добуш алдым", - деди Токтакунов.

Алдын ала маалыматка караганда, шаардагы эки райондо баарына каршы добуш бергендер көп болду. Свердлов районунда баарына каршы добуш 37,48% түздү, ал эми талапкерлердин арасынан Ырысбек Мааткабылов 27,70% добуш алып алдыда. Биринчи май районунда болсо баарына каршы болгондор 33% жакындады, Русланбек Акылбеков 15% көбүрөөк добуш топтоду.

Баштапкы эсепке ылайык, Ленин районунда Жаныбек Абиров (30.71%), Октябрь районунда Дастан Бекешев (45,59%) алдыда.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болгон. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% түзгөн.

Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG