Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

"Ата-Журт Кыргызстандын" өкүлү административдик ресурс колдонулбаганын айтты


Добуш берүү учуру. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Добуш берүү учуру. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо штабынын жетекчиси Кабыл Мамбетаипов добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу пикирин билдирди. Ал бүгүнкү парламенттик шайлоо мурункуларга салыштырмалуу таза, акыйкат өттү деп эсептейт.

"Мен дээрлик 30 жылдан бери шайлоодо иштеп, аралашып келе жатам. Бул шайлоодо административдик ресурс колдонулбады жана добуш сатып алуу аракеттери болгон жок. Ошондуктан, бул жолу шайлоодо аз адам добуш бергени менен, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү".

Мамбетаипов "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси жок экенин кошумчалады.

Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, "Ата- Журт Кыргызстан" саясий партиясы 16% ашык добуш менен алдыда баратат.

Саат 20:00дө Кыргызстандагы бардык добушканалар жабылды. Автоматтык эсептөөнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча, "Ишеним" партиясы 24,5% менен 2-орунда, "Ынтымак" -20,7%, "Альянс" -14,9%, "Бүтүн Кыргызстан" -11,3%, "Ыйман нуру" -10,3%, "Эл үмүтү" -8,7%, "Азаттык" - 7,7%, "Ата Мекен" - 6,3%, Социал-демократтар - 6,1% менен 5% босогодон өткөнү көрсөтүлгөн.

Бирок БШКнын добуштарды автоматтык саноо системасы үзгүлтүккө учурап, кайра иштегенден кийин маалыматтар өзгөрдү.

Саат 22:00гө карата 2300гө жакын шайлоо тилкесиндеги добуштардын жыйынтыгын эсептеген электрондук үкөктөрдүн болжолдуу натыйжасы боюнча, алты партия 5% чектен өттү.

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16,70%
"Ишеним" - 13,35%
"Ынтымак" - 10,65%
"Альянс" - 8,09%
"Бүтүн Кыргызстан" - 6,65%
"Ыйман нуру" - 5,93%.

БШК акыркы жыйынтыктар добуш кагаздары толугу менен саналып бүткөндөн кийин гана чыгарыларын маалымдоодо.

28-ноябарда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Аралаш система менен өткөн шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG