Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Басма сөз: "Бандиттердин карааны айланган шайлоо"


Бишкектеги шайлоо участогу. 28-ноябрь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Бишкектеги шайлоо участогу. 28-ноябрь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандагы шайлоону чет өлкөлүк айрым маалымат каражаттары да чагылдырышты. Дээрлик баары буга чейинки шайлоо эмне менен аяктаганына токтолуп, өлкө кыйын экономикалык абалда экенин баса белгилешти.

The Economist 2-декабрда жарыялаган макалада Кыргызстандагы бул жолку шайлоо тазараак өткөнү менен "бандиттердин карааны дагы деле кала берүүдө" деп жазды.

Адегенде былтыркы бурмаланган шайлоо бийлик алмашуу менен аяктаганын, ал кезде абакта жаза өтөп жаткан Садыр Жапаров өкмөт башчы, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп калганы эске салынат.

“28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк аны колдогондой, дагы бир ыңкылаптын ыктымалдыгы аз”, - деп уланткан автор Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) шайлоо негизинен “атаандаштык” маанайда өттү деген баасын кошумчалаган.

Андан ары айтылгандай, “добуш сатып алуу мурункудай көзгө урунган жок, өнөктүк адаттагыдан адилет өткөнү менен региондогу чакан жана бейстабилдүү өлкөдө камтама кылуучу бир нече фактор бар. Демократия анча күчтүү эмес, парламент негизинен президенттердин айткандарын аткарат. Ал эми Жапаров мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын парламенттин эсебинен көбөйтүү демилгесин көтөрүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген, депутаттардын саны азайтылган. Бул жолку добуш берүүнүн жыйынтыгы ишеним вотуму катары каралмак”.

Вице-премьер-министрдин Кыргызстан “ракетадай болуп учат” деп айтканы бар, бирок старт создугуп кетет окшойт", - деп улантат басылма.

Макалада жазылгандай, шайлоочулардын аз келгенин бир жылдан ашуун убакытта төрт жолу добуш берүүгө катышкан элдин чарчаганы менен байланыштырса болот. Аралаш система менен добуш берүү элдин башын айландырып, бюллетендердин 10% жараксыз деп табылды.

Салыштырмалуу таза болгону менен "Жапаров режимин кара булуттай каптаган бандиттердин, ыплас иштердин атмосферасын бул шайлоо жоё алган жок", - деп эсептейт журналист.

Андан ары коопсуздук комитетинин таасирдүү жетекчиси, Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси парламент мандатын утканы, кошуна округда “мафиянын мыйзамдагы ана башы, чек арадагы аткезчиликтен пайда тапкандыгы үчүн айыпталган Раимбек Матраимовдун агасы оңой эле жеңгени” айтылат. Бир нече күндөн кийин оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевди Бишкектин көчөсүндө сабап кетишкенин жазган журналист, мындай коркутуп-үркүтүү, Жапаровдун кээ бир жерлердеги популярдуулугу элдин толкундоосун кармап турушу мүмкүн деп улантат.

Макаланын аягында Эл аралык ишкер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыковго шилтеме менен инфляция, сомдун кунунун качышы, пандемияга байланышкан кыйынчылыктар өкүм сүргөнү, бизнес чөйрөсү азыр кыйналып жатканы, кыш келген маалда өкмөттүн иштин көзүн билбегендиги, коррупция энергетика тармагындагы маселелерди ого бетер курчутканы айтылат.

"Жапаров мындай абалды мурастап алганын байма-бай айтууда, бирок добуш берүүчүлөр өзгөчө ал бийликти өз колуна топтоп алгандан кийин мындай актанууга көпкө ишенишпейт", - деп жыйынтыкталат макала.

The national interest журналы да 2-декабрдагы макаласын Кыргызстандагы шайлоодо президентке лоялдуу партиялар жеңгени менен баштап, ЕККУ өнөктүк атаандаштыкта өткөнүн белгилегени менен шайлоого чейинки айрым окуяларды, парламенттин ыйгарым укуктары кыскарганын сындаганын жазат.

Аналитик Тревор Филсет шайлоо оор экономикалык абалга туш келгенин, кыш жакындаганы өкмөт дээрлик банкрот болгонун, баалар өскөнүн, президент Жапаровдун популярдуулугу ылдыйлай баштаганын белгилеген.

Аналитик шайлоонун жуп алдында бийликти төңкөрүүнү көздөгөн кутумдун бети ачылганы айтылып, 15 кишини камакка алганын баяндаган.

"Бирок өкмөт ал окуянын калган чоо-жайын айтып берип же ысымдарды атаган жок", - деп улантат Филсет.

Автордун айтымында, Орусия бул шайлоого кызыгуу менен байкоо салды, Владимир Путин менен Жапаровдун мамилеси убакыт өткөн сайын өзгөрүүдө. Башында Путин өлкөдө өкүм сүргөн башаламандык үчүн Жапаровду сындаганы менен кыргыз президенти бийликти өз колуна топтогондон бери эки лидер жакындашты, – деп жыйынтыктайт макаласын Тревор Филсет.

Кыргызстандагы шайлоо темасына Al Jazeera да көңүл буруп, БШКнын сайтындагы техникалык мандем бир топ маселе жаратканын, оппозиция нааразылыгын билдиргенин баяндап келип, “популист лидер Садыр Жапаров жекшемби күнкү шайлоо алдында төңкөрүш аракети даярдалганын жарыялаган” деп уланткан.

Макалада ЕККУ байкоочуларынын баасы, президенттин шайлоо “Конституцияга, эл аралык нормаларга ылайык өткөнү", жеңилгендерге кырдаалды курчутпоону эскерткени тууралуу сөздөрүнө да орун берилген.

France 24 соңку сурамжылоолор Жапаровдун өкмөтү дагы эле колдоого ээ экенин көргөзгөнү менен сынчылар ыктымал атаандаштарды камоо жана Конституцияны өзгөртүү "ал буга чейинки мамлекет башчылардын каталарын кайталап жатканын туюндурат" деп айткандарын жазды.

Макалада кышында энергетикалык кризис күтүлүп жатканы, кошуна Кытай менен соода пандемиядан улам жабыркаганы баяндалат.

France 24 президенттин ыйгарым-укуктары кеңейгенин айтып келип, Жапаровдун Кыргызстан дүйнөгө эркин жана калыс шайлоо өткөрө аларын көргөзөт деген сөздөрүн жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG