Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Отунбаева: Саясатчыны сабоо өлкө аброюна доо кетирди


Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти.
Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти.

Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуу сунушталды. Ага чейин президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Саясатчыны сабоо фактысына экс-президент Роза Отунбаева да көз карашын билдирди.

-“Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салынышына кандай баа берип жатасыз?

-Азыркы кырдаалда президенттин кадыр-баркына абдан чоң доо кетти. "Дүйнө таң кала турган шайлоо өткөрөбүз" деген сөз баарыбыздын кулагыбызда турат. Эми ушул шайлоого байланыштуу оппозициябы, башкасыбы, партиялар чыгып, өз дооматтарын айтып жатканда, Текебаевди атайын “Парк-Отелдин” ичинен сүйрөп чыгып урганы акылга сыйбай турган пастык. Саясий маданиятыбызды төмөн түшүрүштү. Бул дүйнө жүзүнө чоң жаңылык болуп чыгат. Кыргызстан жер карап калды. Президент шайлоону тазараак өткөрөлү, парламентти шайлайлы деп көп эле аракет жасады. Бирок ушундай учурлар бетибизге көө жаап койду. Жанагы барган жетимиштей кишиге бирөө барып айтты да, өздөрү эле бара албайт да. Текебаев тарыхка аты жазыла турган саясатчы. Анын таламандын тал түшүндө, саясий окуялардын учурунда таяк жеп жатканы кечиримсиз.

-Текебаев өзүнүн сабалышын шайлоого байланыштырып жатат. Сиз да саясат менен байланыштырып жатасызбы?

-Сөзсүз. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг болду. Андан кийин атайын уюмдашып, автобус менен келип уруп жатканды кантип башкача баалоо керек?

- Кээ бир саясатчылар бийликти жаманатты кылыш үчүн үчүнчү күчтөр да жасашы мүмкүн деп атышпайбы. Сиз кимдер жасады деп ойлойсуз?

- Ар кандай божомолдор бар. Азыр Кыргызстанда бардыгыбыз чыңалган абалда турабыз. Саясий абал чыңалып турат. Шайлоо жыйынтыгы чыкпай турат. Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жанагыдай жаңылыктар чыгып атат. Алдаяр Исманкулов мага мунапыс бергиле деп кайрылып атат. Бул 2007-2010-жылдар менен байланыш болуп атканын жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Күндүз эле партиялаштары тегеректеп турганда көрүнүктүү саясатчыны ушинтип атса, каякка барабыз? Оппозиция деген бизде калыптанып калган. Түркиядабы, Орусиядабы айтор башка башка өлкөлөрдүн оппозициясы башка жакта жүрөт. Биз башка саясий маданиятта, башка тепкичте жашап жатканбыз. Булар бизди кайсы жакка тартып атат? Ушундай президенттик башкаруу менен кайда барабыз?

- Шайлоо жыйынтыктары жаңжал менен коштолуп турган кезде бийликти дискредитациялоо максатында башка күчтөр жасады деген көз карашка кандай карайсыз?

-Андай көз карашты кабыл ала албайм.

-Акыркы окуялар бийликтин аброюна кандай таасир этиши мүмкүн?

- Тилекке каршы, таасир этет. Демократиясы бышкан чоң өлкөлөрдө деле шайлоонун жыйынтыктарына байланышкан ар кандай талаш-тартыштар, мындай көрүнүштөр боло берет. Тилекке каршы, бизде аягын жакшы кылып чыгаралы деген бир жылдан кийинки аракеттер жыйынтыксыз болуп атат.

Мына, бул шайлоо жыйынтыктарына макул болбой аткан төрт-беш партиянын ичиндегилер абдан "бышкан", көрүнүктүү саясатчылар. Алардын күтүп турууга, добуштарды саноодо аларга каршы сандар чыкса, кабыл алууга маданияты жетмек. Ошондой учурда момундай кылуу пастык эмеспи. Муну жапайы адамдар жасайт. Маселен, Бакыт Жетигенов сыяктууларды кантип бир паста кармап, дооматтарды коюп атат? Момундай күндүз болуп жаткан ишке күнөөлүүлөрдү милиция, коопсуздук органдары дароо, ошол замат таап, жазасын бериш керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG