Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Текебаев өзүнө кол салган адамды кечирди


Өмүрбек Текебаев жана кармалган шектүү. Коллаж.
Өмүрбек Текебаев жана кармалган шектүү. Коллаж.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага кол салды деген шек менен кармалган Ыбыш Эшпаевге доосу жок экенин билдирип, 3-декабрда Бишкек шаардык милициясына тосмо арыз жазды.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте кол салуу болгон. Топ адам саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин тартып алышкан. Эшпаев кармалгандан кийин телефонду өз эрки менен кайтарып берген.

“Ата Мекен” партиясынын лидерине кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты.

Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына курган маегинде Текебаевге кол салууга байланыштуу суроого да жооп берип, “саясатчыга кол салуунун артында бийлик турат” деген сөздү четке какты. "Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды" - деп түшүндүрдү. "Жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты”, - деди Жапаров.

Милиция бир күн мурда "Ата Мекен" партиясынын лидерине кол салгандардын бирин кармап, ишти “адамды тоноо” беренеси менен тергөө ишин баштаган. Ал эми Текебаевдин тарапташтары бул жөн эле тоноо эмес, коомдук ишмерге кол салуу жана "саясий буюртма" деп баалашты. Ал арада саясатчыга кол салгандардын арасынан Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын изи көрүнө баштады.

Милиция "тоноо", оппозиция "саясий террор" катары баалаган окуя

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири 2-декабрга караган түнү кармалды. Ал Токмок шаарынын 23 жаштагы тургуну Ыбыш Эшпаев экени белгилүү болду. Шектүү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган. Эми баш коргоо чарасы аныкталышы керек. Шаардык милиция Жазык кодексинин 201-беренеси (“Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Бактыгүл Акматалиева мындай маалымат берди:

“Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалды. Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттер уланууда”.

Милиция бул окуяны “адамды тоноо” фактысы катары бааласа, Өмүрбек Текебаев өзү "саясий террор" деп баалап, окуяны ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырып жатат. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко парламентте окуяны "саясий буюртма" катары сыпаттады. Депутат бул иштин чоо-жайын билүү үчүн парламентте тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматын угууну сунуш кылды.

Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

"Күч органдары телефон уурдаган кылмышкер кармалганын билдирүүдө. Алар бул окуяны уурулук катары көрсөткүлөрү келип жатат. Бирок биз бардыгыбыз кеп саясий буюртма, саясий ишмер жөнүндө болуп жатканын жакшы түшүнүп турабыз. Эртең бул ар бириңиздерге тийиштүү болуп калышы ыктымал. Сиздердин позиция жакпаганы үчүн 70тей беткапчан "азаматтар" чак түштө курчап алып, уруп-согуп атса, ал үчүн парламент, күч түзүмдөрү реакция жасабаса, анда биз бандиттик өлкөгө айланып баратканыбызды моюнга алганыбыз. Бул башаламандыкка чекит коюшубуз керек", - деди Никитенко.

Текебаевдин ишин парламентте кароону Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов да көтөрдү.

"Ата-Мекендин" лидерине 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын алдында кол салуу болгон. Саясатчынын айтымында, үч кичи автобус менен 70ке жакын адам келген жана аны алып кетүүгө аракет кылышкан. Акырында Текебаевдин телефонун жана көз айнегин тартып алышкан.



Окуя катталган учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын нааразылык акциясы өтүп жаткан. Ошол маалда Өкмөт үйүнүн жанында бийликти колдогондор, шайлоо таза өттү деп эсептегендер чогулуп жатканы айтылган. Бирок алардын митинги белгиленген убакытта (14:00) болбой калган.

Шайлоо таза өттү деп санаган топ Өкмөт үйүнүн жанында кетип баратат. ("Кактус Медианын" сүрөтү)
Шайлоо таза өттү деп санаган топ Өкмөт үйүнүн жанында кетип баратат. ("Кактус Медианын" сүрөтү)

“Кактус Медиа” сайты жарыялаган сүрөттөрдөн жоон топ адамдын Өкмөт үйү тараптан Park Hotel мейманканасын көздөй баратканын көрүүгө болот. Ал жерден Текебаев тамактанып жаткан жерге чейин 200 метрден ашпайт. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева жоон топ тууралуу буларды айтты:

Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева

“Биз БШКнын алдындагы митингден “Ата Мекен” партиясынын штабына келе жатканда Өкмөт үйүнүн жанындагы балдарды көргөнбүз. Алар Орозбеков көчөсү менен ылдый түшүп бара жатышкан. Баары спорттук кийим кийген жаш жигиттер болчу. Мен алардын Өмүрбек Текебаевге кол саларын билген эмесмин".

Президент Садыр Жапаров 1-декабрь күнү оппозициялык саясатчыга кол салууну жеке көзөмөлүнө алып, Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну тапшырган.

Текебаевге кол салгандар менен "Чемпиондун" байланышы

1-декабрда Токмок шаарынын жүздөй тургуну видео кайрылуу жасап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан оппозициянын митингине каршы экенин билдирген. Видео Токмок шаарындагы “Мегаполис” ресторанынан тартылган. Ресторан парламенттик шайлоого Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болгон Медербек Саккараевге таандык. Ал БШКнын баштапкы жыйынтыгы боюнча шайлоодо жеңишке жетти.

Токмоктуктар түшкө маал Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанына чогулуп, саат 15:30дарда алардын арасында жүргөндөр Park Hotel мейманканасына барышкан.

Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин тартылган сүрөт.
Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин тартылган сүрөт.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова Бишкектин ортосунда Текебаевге кол салгандар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин балдары экенин айтып чыкты. Ал окуя болгон жерден тартылган видеодон Токмок шаардык кеңешинин эки депутаты - Кайрат Чокеев менен Анарбек Маликовду тааныган.

Чолпон Сыдыкова
Чолпон Сыдыкова

"Мен видеону көргөндө өзүмдүн кесиптештеримди дароо эле тааныдым. Кайрат Чокеев деген депутат Өмүрбек Текебаевдин артында турду. Ал Токмоктун мэри Урмат Самаевдин оң колу жана шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери болуп эсептелет. Ал жерде дагы бир депутат Анарбек Маликов да жүргөн. Мындан тышкары Урмат Самаевдин Мики деген классташын көрө алдым. Ал дайыма жанында жүрөт. Милиция кармаган Ыбыш Эшпаев Самаевдин айдоочусу экенин айтып жатышат. Ал дагы Токмок шаарында жашайт".

Чуулгандуу видеого түшүп калган Кайрат Чокеев "Бирге-Вместе" партиясы менен Токмок шаардык кеңешине шайланган. Анарбек Маликов болсо "Эл Биримдиги" партиясынан депутат. Экөө тең токмоктуктардын оппозицияга кайрылуусу тартылган "Мегаполис” ресторанынын ээси, бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан Медербек Саккараевдин үгүт иштерине катышып жүргөн.

Кайрат Чокеевдин айтымында, оппозициянын митингине каршы болгондор Өкмөт үйүнүн алдына жарандык позициясын билдирүү максатында келишкен.

Кайрат Чокеев
Кайрат Чокеев

"1-декабрда "БШКнын алдында митинг болот" деген маалыматты уккандан кийин ызы-чуу болуп кетпесин, элдик кошуун бололу деп Бишкекке келгенбиз. Өкмөт үйүнүн алдында турганыбызды көрсөңүздөр керек. Биз ал жерде элдик кошуун экенибизден кабар берген, колго байлай турган тасманы күтүп жатканбыз. Аны бизге өкмөт үйүнөн алып чыгып беришмек. Анан эле өкмөт үйүнөн костюм кийген бир байке чыгып, "элди чочутпай Consul деген ресторан тарапта туруп турбайсыңарбы. Атайын белгини ошол жерге алып келип беребиз" деди. Мындан тышкары пандемия болуп атканын айтып, медициналык беткап тагынып алышыбызды суранган. Биз макул болуп ылдый түшүп кеттик".

Кайрат Чокеев Өкмөт үйүнөн чыгып, "Consul деген ресторандын алдына баргыла" деген кишини тааныбай турганын айтып жатат. Анткени ал киши медициналык беткапчан эле. Ал эми Consul рестораны менен Текебаевге кол салуу болгон Park Hotel мейманканасы бет маңдай жайгашкан. Токмок шаардык кеңешинин депутаты элдик кошуундагы 100 адамдын ичинде чагымчылдар жүргөнүн билдирди.

"Биз чогулганда эле чоочун адамдар жүргөн. Алар Park Hotel мейманканасынын ичине кирели дешти. Анан биз ушул жерде күтөт окшойбуз деп кирип кеттик. Кирсек эле баягы балдардын бирөө Өмүрбек Текебаев менен жакалашып кетти. Анан биз эшикке чыгып кеттик. Анан эле чоочун адамдардын бирөө Текебаев менен урушуп кетип, аны уруп жиберди. Биз "тийбегиле" деп токтотуп калдык. Аны видеодон деле уксаңыз болот. Бир кезде чагымчылдар жоголуп кетти. Биз тынчтык үчүн келип Текебаевди сабап салмак белек? Ошону менен тарап кеттик".

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев мэр Урмат Самаев менен жакын дос экенин танган жок.

“Чемпион” каймана аты менен таанымал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарынын мэри болуп шайланган. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Башкаруучу коалициянын лидери - Кайрат Чокеев. Мэрди шайлоо дээрлик үч саат кечигип башталган. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болгон эле. Кайрат Чокеев Токмоктогу мэр шайлоону чагылдырганы барган "Азаттыктын" кабарчысына пикирин билдирип, Урмат Самаевге ишенерин, анын кримчөйрө менен байланышы жок экенин айткан.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева былтыр 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо үчүн чогулган кезексиз жыйында Урмат Самаев депутаттарды коркутканын билдирип чыккан. Ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Самаев кызматташынын билдирүүсүн төгүндөгөн.

Мэр Самаев өзү Текебаевге кол салган адамдар менен байланышы жок экенин айтты.

Урмат Самаев
Урмат Самаев

“Мен Токмок шаарындагы жаштардын 80% тааныйм. Ыбыш Эшпаев менен чогуу бизнес кылып, чогуу иштеген эмеспиз, саясатта чогуу жүргөн эмеспиз. Көрүп калчумун, жүрчү. Шайлоочулардын бири да. Менин айдоочум дагы эмес, өкүл балам дагы эмес. Ал үйлөнгөн дагы эмес. Азыр ар ким ар кайсыны айта беришет. Эми алар мыйзамдуу жооп беришсин. Мен ал видеону көргөн деле жокмун. Каралоо үчүн сотко кайрылам. Ошол учурда силерге кабарлап коем", - деди Самаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Текебаевге кол салуу болгондон кийин "Твиттердеги" баракчасына "Кыргызстанда саясий зордук-зомбулукка жол жок", - деп жазды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Текебаев эле эмес, жөнөкөй жарандын дагы кол тийбестик укугу сакталышы керек. Биздин мамлекетте мыйзам иштеши керек”,- деп айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев NUR-TV каналына "саясатчыга кол салуу болбогонун, кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин" айтты.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Текебаевге кол салынган эмес, аны менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип кол салып, кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек", - деди Ташиев.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Динара Ошурахунова УКМКнын жетекчилигин саясатчы сабалган ишти териштирүүгө аралашпоого чакырды. Алар Текебаев кабылган жагдайды милиция териштирип жатканына карабай, УКМКнын жетекчилиги тарабынан "басым болуп жатат" деп эсептешерин билдирди. Ошондой эле Текебаевге кол салган топтун арасынан милиция бир эле кишини кармаганына тынчсызданып, окуяга катышы бар башкаларды да кармоого чакырышты.

Азырынча укук коргоочулардын мындай тынчсыздануусуна УКМК комментарий бере элек.

Өмүрбек Текебаев - парламенттик башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон саясатчылардын бири. Ал Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевге, андан кийин Курманбек Бакиевге оппозиция болуп, Алмазбек Атамбаевдин учурунда сегиз жылга кесилген. Кийин ага козголгон кылмыш иши кыскарып кеткен. Азыркы учурда "Ата-Мекендин" лидери 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, бийликке кескин сын айтып жатат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG