Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Матраимов менен байланышы бар 40 бажычы боюнча иликтөө аяктады


Райымбек Матраимов адвокаты менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунда.
Райымбек Матраимов адвокаты менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунда.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 16-декабрдагы маалымат жыйынында "Азаттыктын" бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөсүнөн кийин коррупцияга байланышы бар деген 40 кызматкер тууралуу кызматтык иликтөө аяктаганын билдирди.

"Иликтөөлөр боюнча коррупцияга байланышы бар деген 40 бажы кызматкеринин аты аталган. Ушулар боюнча иликтөө жүргүзүп бүттүк, көпчүлүгү жумуштан бошотулду, ал эми кээ биринин тиешеси жок болуп чыкты", - деди Кубанычбеков.

Бажы кызматынын төрагасы "Азаттыкка" иликтөөнүн жыйынтыгын кагаз түрүндө бере турганын айтты.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

УКМКнын башысы Камчыбек Ташиев ушул жылдын февраль айында 38 кишинин ичинен 10 адам кармалып кайра коё берилгенин, калгандарынын иши тергелип жатканын кошумчалаган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып 260 миң сом айыпка жыгылган.

Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.

Бажыдагы коррупция боюнча соттолгон Нурлан Ражабалиев 28-ноябрда өткөн шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын соттуулугу жоюлганы белгилүү болду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG