Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

ИИМ Таласта диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди


Ички иштер министрлигинин 16-декабрдагы маалыматына караганда, кармалган адам «Хизб ут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шек саналууда.

Ал Ысык-Көл облусунун 50 жаштагы тургуну социалдык тармактарда экстремисттик идеологияга үгүттөп, ачык чакырып жүргөн. Тинтүү учурунда жанынан «Хизб ут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыштын белгилерин аныктап, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

ИИМ тараткан расмий маалыматка караганда, ушул жылдын тогуз айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлган.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG