Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Акаев: Боршайком жогору жактын буйругун аткарды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон кийин өзгөрткөн жобосу тууралуу билдирүү таратты. Анда Акаев БШКнын чечимин логикага сыйбаган коркоктук деп атады.

"Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук. БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер, силердин уятыңарда болсун", - деген Акаев.

Жанар Акаев Боршайкомдун жетекчилиги жобону өзгөртүү үчүн 13-декабрда дагы отурум кылып, бирок өтпөй калганын белгилеген.

"Эки күн ичинде БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам айттырып отуруп, акылга сыйгыс кадамга барышты", - дейт эл өкүлү.

Акаев гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшкөн депутат экенин, ордуна депутат болчу Токтобүбү Оргалчаны айыптабай турганын белгилеп, саясий ишмердүүлүгүн күчөтө турганын билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү.

Кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан - бир, жети мандат алган партиядан - үч аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, депутат кылып каттаган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

"Альянс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсүн сотко берет. БШК жобону өзгөртүү жөнүндө комментарий бере элек.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG