Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкармалыгына орун басар болду


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нуртазин Жетибаев буга чейин Футбол федерациясынын башкы катчысы, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ага 2014-жылы Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Бул иш боюнча ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бактыбек Абдыкапаровго дагы кылмыш иши козголгон.

Жетибаев 2015-жылы үй камагына чыгарылып, 2016-жылы сот аны алты жылга, үч жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу кескен.

Буга чейин президенттин иш башкаруучусунун башчысы дагы алмашкан. Президент Садыр Жапаров 9-декабрда Тилек Батыркановду президенттин иш башкаруучусунун башчысы кылып дайындаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG