Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Күрөш федерациялары Махмудов менен Власовдун беттешин талкуулашты


Акжол Махмудов жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.
Акжол Махмудов жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев 14-декабрда Москва шаарында Орусиянын Күрөш спорту федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилиге жолугуп, кызматташтык жөнүндө суроолорду талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясы маалымдады.

Алар кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен орус спортчусу Роман Власовдун беттешин уюштуруу боюнча суроолорду дагы талкуулашкан.

Дүйнөнүн үч жолку, Олимпиаданын эки жолку чемпиону, 31 жаштагы орусиялык Роман Власов Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык Акжол Махмудовду беттешке чакырган. Учурда алардын беттешинин так датасы белгилүү боло элек.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жайында Токиодо өткөн Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал уткан. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы үчүнчү күмүш байге.

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар арасында (кадеттер) Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж.). Жаштар арасында Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.). Чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). (TSh)

XS
SM
MD
LG