Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Чүйдө милиция имамдарга жыйын өткөрдү


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Чүйдүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмү аймактагы мечиттердин имамдарына диний экстремизмдин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук ичик иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында имамдарга жарандардын, өзгөчө жаштардын арасында радикал идеялардын жайылышына жол бербөө чаралары түшүндүрүлдү.

Ноябрь айында Ички иштер министрлиги ушул тапта “Хизб ут-Тахрир”(Кыргызстанда тыюу салынган) диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү көп экенин кабарлаган. Милициянын маалыматында, бул топтон бөлүнүп чыккан “Йакын-Инкар” диний агымынын өкүлдөрү да көбөйгөнү байкалган.

Министрлик мындай уюмдардын пайда болушун жана ага адамдардын азгырылышын билимсиздик, дин жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырды.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG