Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Милиция Кара-Сууда каракталган акчанын дайыны чыкпай жатканын билдирди


Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан алынган курал-жарактар.
Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан алынган курал-жарактар.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы (Ош ОИИБ) эки күн мурун Кара-Суу шаарында болгон карактоодо 114 миңден ашуун АКШ доллары жоголгонун, учурда милиция издеп жатканын билдирди.

Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин маалыматында, жоголгон акча Кытай жаранына таандык болгон.

"Акчаны Ош шаарынын тургуну башка кишиге жеткирип берүү үчүн алып бара жаткан. Бирөөгө бере турган 109 миң АКШ доллары, андан сырткары өзүнө таандык 5 миң АКШ долларын каракчылар тоноп кеткени белгилүү болгон. Бирок, ошол кылмышка шектүүлөрдү кармаган учурда алардын жанынан акча табылган эмес",- деди Аширбаев.

Кылмышка шектүүлөр Кара-Суунун Нурахунов көчөсүнөн кармалган. Окуя болгон жерде шектүүлөр "кылмышты жашыруу" максатында “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунааны өрттөп жиберишкени айтылды. Милиция каракталган акча өрттөлгөн унаанын ичинде калды деп болжолдогон.

Бирок эксперттиза өрттөлгөн унаадан акчанын калдыктарын тапкан эмес. Учурда Ош ОИИБнын кызматкерлери акчаны издөө иштерин улантууда.

Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, алар мурда да куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөн.

Кармалгандардын бири Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну "адам өлтүрүү", "ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо" беренелери менен мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси "диний-экстремизм боюнча" мурда соттолгон Ош шаарынын 48 жаштагы жашоочусу. Үчүнчүсү Орусиянын Татарстан Республикасынан. 46 жаштагы бул киши да мурда "уурулук" менен соттолгону айтылат.

Окуя болгон жерден курал-жарактар, ок-дары, рациялар, атайын бет каптар алынган.

Буга чейин Кара-Суу шаарындагы окуя тартылган видео интернетте тараган. Анда күйүп жаткан машинени көрүүгө болот. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG