Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Кара-Суудагы окуяга шектүүлөр кармалды


Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан алынган курал-жарактар.
Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан алынган курал-жарактар.

Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар мурда да куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөнү белгилүү болду.

Шектүүлөр 13-декабрда Кара-Суунун Нурахунов көчөсүнөн кармалган. Окуя болгон жерде “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөлгөн. ИИМдин маалыматында машиненин өрттөлгөн себеби айтылган эмес.

"Савай айылынын тургуну 13-декабрда саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө азият улутундагы бейтааныш эки адам тапанча такап, "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качууга аракет кылды деп милицияга кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө алардын изи Нурахунов көчөсүндө табылган",-деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бири Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо беренелери менен мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси - диний-экстремизм боюнча мурда бир жолу соттолгон Ош шаарынын 48 жаштагы жашоочусу. Үчүнчүсү - Орусиянын Татарстан Республикасынан. 46 жаштагы бул киши да мурда уурулук менен соттолгону айтылат.

Окуя болгон жерден курал-жарактар, ок-дары, рациялар, атайын бет каптар алынган.

Экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы кабарланды.

Буга чейин Кара-Суу шаарындагы окуя тартылган видео интернетте тараган. Анда күйүп жаткан машинени көрүүгө болот. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG