Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Депутат Кумтөрдүн алтыны кайда сатылып жатканына кызыкты


Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын.
Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 13-декабрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов Кумтөр кенинен казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып жатканы жөнүндө суроо салды.

"Өзүбүз иштетип жатабыз, канча алтын өндүрдүк, канча салык түштү, алтынды каякка, канчадан саттык? Сатпасак кайда сактап жатабыз?" – деди депутат.

Финансы министри Алмаз Бакетаев ишкана салыкты толук төгүп жатканын айтып, бирок суммасын атаган жок. Ал эми алтын боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

“Алтын боюнча маалыматым жок. Бул “Кыргыз алтындын” маселеси. Кат жүзүндө жооп берейин”, - деди министр.

Буга чейин дагы бир катар депутаттар Кумтөрдө жасалып жаткан иштер тууралуу элге толук маалымат берилбей жатканын, андыктан Министрлер кабинети кен боюнча парламентке келип, толук отчет берүүгө тийиш экенин айтышкан.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG