Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Чаткалда алтын казган ишканага нааразы болгондор жол тосушту


Терек-Сай айылы.
Терек-Сай айылы.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жумушчулары жана жергиликтүү тургундар компанияга нааразы болуп жол тосушту. Акимдин айтымында, 12-декабрда алар ишкананын үч айдоочусунун жумуштан алынганына жана “экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп нааразы болуп топтолушкан. Учурда жол ачылып, чогулгандар тарап кетишти.

“Чоң жүк ташуучу машиненин үч айдоочусун жумуштан кетиришкен. Алар талаптагыдай иш алып барбаганы себептүү иштен алыныптыр. Ошонун негизинде жумушчулар нааразы болуп чыгышыптыр. Ал компаниянын ички иши. Андан сырткары тургундар экология боюнча нааразы болушкан. Белгилүү болгондой жолдогу чаң сапырылат. Талаптар угулду. Тийиштүү жерге тапшырма берилип, аткарыла турган мөөнөтү белгиленди. Эл тарап кетти”, - деди аким.

Нааразычылык акциясына байланыштуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасы дагы билдирүү таратты. Анда 12-декабрда Тереккан карьерине баруучу жолдо ишкананын үч айдоочусуна жол эрежесин бузганына байланыштуу сөгүш жарыяланганы айтылат.

“Бул кызматкерлердин нааразычылыгын жаратып, жетекчилик компаниянын жол эрежесин бузган айдоочуларынан жүк ташуучу унаалардын ачкычын тапшырууну суранды. Эреже бузган жумушчулар башка тургундарды чогултушуп, ошол эле күнү саат 14:00дөн кийин “Эти Бакыр Терексай” ишканасына жана башкы кеңсеге баруучу жолду тосушту. 50гө жакын адам жол кыймылын токтотуп, компаниянын кызматкерлерин жумуш орундарына киргизбей коюшкан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана 13-декабрда Чаткал райондук администрациясынын, Терек-Сай айыл аймагынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, түзүлгөн кырдаал талкуулананын билдирди. Экологиялык дооматтар боюнча маалымат берген жок.

Кыргызстанда экологияны бузуп жатат деген негизде кен иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыккан учурлар көп. Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорунда кен казган компанияларга каршылык көрсөтүү, тополоң менен коштолгон окуялар орун алган.

"Азаттык" Чаткал районунда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG