Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

ИИМ Жумгалда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн маалымдады


Жумгал. Милиция тараткан сүрөт.
Жумгал. Милиция тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги Жумгал-Кочкор жолундагы автоунаа кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

12-декабрда Баш-Кууганды айылынын тургундары Жумгал-Кочкор жолун тосуп, митингге чыгышкан. Алар жолду тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлүп, жолго суу сээп турууну талап кылышкан. Жергиликтүүлөр жолдун чаңы сапырылып, автоунаа кырсыктарынан адам өмүрү кыйылып жатканын айтышкан.

Милициянын маалыматында, чогулган элге жергиликтүү милиция жетекчилери, район башчылары барып, түшүндүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолду куруп жаткан ишкана суу сээп жана түздөп турууну убада кылган. Жергиликтүүлөр жолду ачып, тарап кетишкен.

Бул жолдон Кара-Кече кенинен көмүр тарткан жүк ташуучу машинелер өтөт.

Сентябрь айында Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Эпкин - Баш-Кууганды тилкесин салуу боюнча тендерди кытайлык China Railway компаниясы утуп алганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирген. 70 чакырымды түзгөн бул тилке Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга курулат.

Өткөн жылы 1-декабрда эки жыл мурун тендерди уткан италиялык компания менен келишим жокко чыгарылган. Тендер сегиз айдан кийин, быйыл 7-июлда өткөн. Жумгалдыктар буга чейин бир канча жолу нааразычылык акциясына чыгып, жолду тез-арада бүтүрүүнү талап кылышкан.

Түндүк менен түштүктү бириктире турган Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG