Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

АКШдагы торнадо 100дөй кишинин өмүрүн кыйды


Торнадонун кесепети
Торнадонун кесепети

АКШдагы торнадодон кеминде 94 адам мерт болду. Жума күнү түндө башталып, таңга чейин созулган катуу куюндан улам 300 чакырымдык аймакта ондогон адам дайынсыз жоголуп, айрым штаттарда бүтүндөй шаарчалар талкаланды. Жаратылыш кырсыгынан кийин Кентукки штатындагы Доусон Спрингс шаарчасы дээрлик жер менен жексен болуп калды.

"Бул өтө кейиштүү. Жердеги тозок десек болот. Эл бардык нерсесинен айрылды. Өтө жаман", - деди шаарчанын тургуну Рид Гири.

10-декабрдын түнүндө АКШнын орто батышындагы жана түштүгүндөгү алты штатта, арасында Арканзас, Кентукки, Теннеси, Миссури жана Иллинойсто 30дай торнадо катталды.

Президент Жо Байден жекшембиде Кентукки штатында өзгөчө кырдаал жарыялап, аймакка кошумча жардам жөнөтүлө турганын билдирди.

"Бул трагедия. Биз алигиче так канча адам каза тапканын жана кыйроолордун толук масштабын билбейбиз. Бирок мен бардык губернаторлорго айткан сөзүмдү баса белгилегим келет. Федералдык өкмөт жардам көрсөтүү үчүн бар аракет көрөт".

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын президенти Жо Байденге кырсыкта өлгөндөргө байланыштуу көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG