Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

"Бир шаарча тыптыйпыл болду": АКШдагы торнадонун кесепети


 Кентуккинин Доусон Спрингс шаарчасынын тургундары, 11-декабрь 2021-жыл.
Кентуккинин Доусон Спрингс шаарчасынын тургундары, 11-декабрь 2021-жыл.

АКШнын орто батышындагы жана түштүгүндөгү торнадодон кеминде 94 адам мерт болду. Жума күнү түндө башталып, таңга чейин созулган бороон-чапкын, куюндан улам ондогон адамдар дайынсыз жоголуп, айрым штаттарда бүтүндөй шаарчалар талкаланды.

Аза күткөн тургундар, кыйраган турак-жайлар, туш келди жыгылган бак-дарактар жана талкаланып, көңтөрүлүп калган автоунаалар. Торнадодон кийин Кентукки штатындагы Доусон Спрингс шаарчасы таанылгыс болуп өзгөргөн. Жергиликтүү жашоочулар бир шаарча көз ачып жумгуча тыптыйпыл болгонуна ишене албай турушат.

"Бул өтө кейиштүү. Жердеги тозок десек болот. Эл бардык нерсесинен айрылды. Өтө жаман болду", - деди шаарчанын тургуну Рид Гири.

Штаттагы 10 миң киши жашаган Мэйфилд шаарында да турак-жайлардын баары талкаланды. Шаардын тургуну Рик Фоули катуу куюн кантип башталганын Reuters агенттигине айтып берди.

Ал жума күнү кечинде катуу шамал башталгандан тарта телевизордун жанынан чыкпай, үйүндөгү радар аппараттарын күйгүзүп, торнадого көз салып жаткан. Көп өтпөй жарык өчкөн жана Фоулинин үйүнөн чыкпай, күтүп отуруудан башка аргасы калган эмес. Аңгыча катуу добуш чыккан.

"Мен эшик жактагы чакан коридор тарапка секирип жеттим. Анан торнадо үйгө тийди. Күрү-күү түшүп, кулагым тунуп калды. Эшик жактан талкаланган турак-жайлардын калдыктары, сыныктар келе баштады. Мен тизелеп отуруп, башымды калкаладым. 30 секундда жок болду", - деди Рик Фоули.

Мэйфилд шаарындагы кыйроонун масштабын көрсөткөн, спутниктен алынган сүрөт. 11-декабрь 2021-жыл.
Мэйфилд шаарындагы кыйроонун масштабын көрсөткөн, спутниктен алынган сүрөт. 11-декабрь 2021-жыл.

10-декабрдын түнүндө АКШнын орто батышындагы жана түштүгүндөгү алты штатта бул сыяктуу 30дай торнадо катталды. Катуу бороон-чапкын таңга чейин уланып, түндүк-батыштагы Арканзас штатынан тартып, батыштагы Кентукки жана Теннесси штаттарына чейинки 300 чакырымдык аймакта көп жоготууга жана чоң кыйроого себеп болду. Торнадодон Миссури жана Иллинойс штаттары да жабыркады.

Жаратылыш кырсыгы өлкө боюнча кеминде 94 кишинин өмүрүн жалмады. Ондогон адамдардын дайыны чыкпай жатат.

Торнадодон эң катуу жабыркаган Кентукки штатында бороон-чапкын 320 чакырымдык аралыкты каптаган. Метеорологдор бул рекорддук көрсөткүч экенин айтып жатышат.

Президент Жо Байден жекшембиде АКШнын түштүк-чыгыш тарабындагы бул штатта өзгөчө кырдаал жарыялап, аймакка кошумча жардам жөнөтүлө турганын билдирди.

"Бул трагедия. Биз алигиче так канча адам каза тапканын жана кыйроолордун толук масштабын билбейбиз. Бирок мен бардык губернаторлорго айткан сөзүмдү баса белгилегим келет. Федералдык өкмөт жардам көрсөтүү үчүн бардык аракетти көрөт", - деди Байден.

Мэйфилд шаары, 11-декабрь 2021-жыл.
Мэйфилд шаары, 11-декабрь 2021-жыл.

Кентуккинин губернатору Энди Бешир штатта торнадодон кеминде 80 адам өлгөнүн, бирок курмандыктардын саны 100дөн ашышы мүмкүндүгүн билдирди. Учурда жабыркагандарды издөө иштери уланып жатат.

Куткаруучулар Кентуккидеги шам чырак чыгарган фабрикадагы 110 жумушчунун 40ка чукулун урандылардын арасынан аман чыгарышты. Дагы 60тан ашыгынын тагдыры белгисиз бойдон.

Дүйнө лидерлери торнадодон ондогон адамдар курман болгонуна байланыштуу Кошмо Штаттарга көңүл айтуу каттарын жөнөтүп жатышат. Алардын арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар.

“Кентукки жана коңшу штаттардагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Жапаровдун телеграммасында.

Торнадолор дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарында катталып турат. Бирок эң кыйратуучу торнадолор негизинен АКШнын борбордук аймактарында болот. Мындан улам бул аймак "Торнадо өрөөнү" деп аталат.

Метеорологдордун айтымында, бул аймактагы кубаттуу торнадолор түштүк-чыгыштагы Мексика булуңунан келген нымдуу, жылуу аба түндүктөн келген муздак аба менен кошулганда жаралат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG