Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

АКШдагы бороондун курмандыктары 100 кишиге жетти


Иллинойс штатындагы бороон (торнадо).
Иллинойс штатындагы бороон (торнадо).

Бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, Кентукки штатындагы бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды.

Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калганын белгиледи.

Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады.

Теннессиде үч киши, Арканзаста бир киши каза болгону кабарланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG