Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

УКМК зордуктоого шектүүнүн атайын кызматка тиешеси жок экенин билдирди 


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактарда тарап жаткан “УКМКнын штаттан сырткары кызматкери 23-ноябрда зордуктоо аракетин кылган” деген маалыматтарды четке какты.

Атайын кызмат шектүү катары кармалган 21 жаштагы К.Б аттуу жаран УКМКнын бир дагы башкармалыгына тиешеси жок экенин билдирди. Атайын кызматтын атын сатпоого чакырып, ал үчүн мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.

Твиттерде 11-декабрда Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну аны 25-ноябрда чала таанышы зордуктаганын жазып чыккан. Ал милицияга арыз жазганын билдирген. Kaktus.media 26-ноябрда шектүү катары 21-жаштагы жаран кармалганын жазды. Социалдык тармактарда шектүү ар кандай жолдор менен жазадан качууга аракет кылып жатканы кабарланган.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG