Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Ошто 39 жаштагы тургун кызын зордуктоого шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы 39 жаштагы жаран өзүнүн жашы жете элек кызын зордуктоого шек саналып кармалганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери Ош шаарына караштуу айылдардын биринен 2007-жылы туулган кыздын акыркы күндөрү психологиялык жактан жабыркап жүргөнүн байкап, аны менен мектепте маектешүүгө аракет жасаган. Милиция кызматкеринин бир нече аракетинин натыйжасында кыз атасы тарабынан бир нече жолу зордукталып, психологиялык жактан оор абалда жүргөнүн айтып берген. Жабырлануучу кыз, атасы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү милицияга чакырылган", - деп жазылган Ош милициясы тараткан маалыматта.

Жабырлануучу кыздын көрсөтмөсүнө ылайык, аны атасы (өз атасы) 2019-жылдын июнь айынан баштап 2021-жылдын ноябрь айына чейин эркине каршы зордуктаган. Алгачкы зордуктоо учурунда апасы Орусияда болгон. Апасы келгенден кийин дагы бул кылмыштуу иш уланган. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-ноябрь күнү атасы кылмыштуу ишин улантып жатканда үйдөгү дагы бир кызы көрүп калган. Кыздар корккондуктан бул тууралуу милицияга кабарлашкан эмес.

Жазык кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.

XS
SM
MD
LG